Бүгүн «Хаят» мейманканасында өткөн талкууда оппозициянын ишмердүүлүгүн мыйзамдык негиздерге салуу, бийлик менен оппозициянын өнөктөш катары иштөөсүнө шарт түзүү зарылдыгы белгиленди. Жыйынга өлкөдөгү саясий партиялардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. «Оппозиция жөнүндө» мыйзам жазуу тууралуу жардыкты президент Курманбек Бакиев май айынын башында чыгарган, өкмөт башчы ал ишти юстиция министрлигине тапшырган. Өкмөттөн сырткары «Арнамыс» партиясы да оппозиция жөнүндө мыйзам долбоорун жазууда.