Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Чаткалда алты адам төрт миллион сомдон ашык акчаны жеп коюшкан


ЖАЛАЛАБАТ. Чаткал райондук почта бөлүмү менен райондук социалдык фонд түйүнүндөгү алты кызматкер өз ара макулдашып алып, 2002-жылдан бери 4 миллион 248 миң сом акчаны жок кылган. Мындай мыйзам бузуулар мурунку эки жолку текшерүүдө жабылып кеткен. Каракол шаардык почта бөлүмүндө 29 миң сомдук жөлөк пул, Базаркоргон районунда 340 миң сомдук пенсия, пособиенин орду чыккан эмес. Мындай маалыматты 27-июнда «Кыргызпочта» ишканасынын облбашкармалыгы ырастады. Облустук финансы полициясы ишкананын түйүндөрүндө жарым жылда казыналык каражаттар жок болгон алты фактыны каттаган.

Ырысбай Абдыраимов

XS
SM
MD
LG