Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

КАЗЫНАДА КАНЧА АЛТЫН БАР?


Шаршембидеги кыргыз гезиттеринде экономикалык жана саясий теманы чагылдырган материалдар арбын жарыяланды.

Мамлекет казынасындагы алтын запасы боюнча Кыргызстан дүйнө мамлекеттеринин ичинен 82-орунду ээлейт. Мындай маалыматты Дүйнөлүк алтын кеңешинин кабарына таянып «АиФ Кыргызстан» апталыгы таратты. Биринчи орунда АКШ, экинчисин Германия, үчүнчү орунду Эларалык валюта кору ээлейт.

Ал эми Чаткал районундагы «Жамгыр» алтын кенинин айланасындагы талашка шаршембидеги «Дело №» гезити токтолду. 2000-жылы чуулгандуу «Рентон групп» компаниясы «Жамгыр» алтын кенин иштетүүгө уруксат алганын жарыя кыла баштаган. Бирок да компаниянын алтын кенине кандай тешеси бардыгы эмдигиче табышмак. «Жамгыр» алтын кенин иштетүүгө уруксат алып, жумушчуларга айлык маяна төлөп жаткан «Вертекс Голд компаниясынан» өкмөт лицензияны кайтарып, сот кенди «Рентон групп» компаниясына ыйгарып койгону түшүнүксүз, деп белгилейт макала автору Артур Исаев.

«Жерүй» алтын кенинин айланасындагы чатакта айтылуу орусиялык олигарх Борис Березовскийдин “кулагы” көрүнүп турганын шаршембидеги «Белый пароход» апталыгы жазды. Журналист Елена Авдееванын ырасташынча, «Глобал Голд холдинг» компаниясынын атынан келип кендин жумушчуларын чогултуп сүйлөшүү жүргүзгөн, профсоюздар комитети менен мамиле түзүүгө жетишкен Рафаэль Филинов менен Александр Туркот Борис Березовскийдин ишенимдүү кишилери.

«Жерүй» алтын кенин иштетүү аракети 1993-жылдан башталган, деп жазат ушул эле гезитте адвокат Ренат Медетбеков. Ошондон бери иш кечеңдегенден-кечеңдеп келатат. Эми 13 жылдан кийин өкмөт шашылып, «Кыргызалтын» акционердик коомуна жаңы инвестор табуу тапшырмасын берип отурат. Мыйзам талабына ылайык өкмөт алтын кенин ачык конкурс – тендер аркылуу гана иштетүүгө бериши керек. Бирок бул жасалган жок, деп жазат макала автору.

Алтын чатагынан кем эмес дагы бир чуулгандуу иш Кант цемент-шифер комбинатынын айланасында башталганын шаршембидеги «Республика» гезитинде Алымбек Биялинов жазып чыкты. Макала «Цемент Кыргызстандын экономикалык коопсуздугунун көрсөткүчү» деп аталат.

Кант цемент комбинатынын айланасындагы парламенттик талаш Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгы корголбой жатканын, элдин мүдөөсү эске алынбаганын көрсөткөн окуя болду. Курулушка өтө керектүү материал эми саясий өң-түс ала баштады, дейт А.Биялинов.

Кыргыз бийлигинин аңды-дөңдү элес албас аракетинен өлкөнүн экономикасы чынында да коркунучтуу абалга жетип калды. Непадам, цемент заводу ишин токтотуп же жергиликтүү керектөөчүлөргө товарын чыгарбай койсо эмне болорун элестетиш кыйын. Цемент жыртыгын бүтөй албай жатып энергетиканы концессияга берүү тууралуу кеп кылуунун ыңгайы барбы, деп суроо коет макала автору.

«Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгынын ырасташынча, Башмыйзамдын жаңы долбоорлорунун үчөөндө тең сот бийлигин реформалоо, жергиликтүү сотторду айыл кеңештеринин депутаттары шайлай тургандыгы белгиленген. Жогорку соттун алдында конституциялык палата түзүлөт. Парламенттин 75 мүчөсү толугу менен партиялык тизме боюнча шайланары көрсөтүлгөн.

Мына ушул саясий кытыгылуу темага «Энесай» гезити да токтолду. Өткүр Өмүр деген ысымдуу автор кийинки кездери курултай чакыруулар арбып, жалпы элдик жыйындардын барк-баасы кетип жатканына токтолгон. Курултай темасына ушул эле гезиттеги маегинде Кыргызстандын Ирандагы элчиси Авазбек Атаханов да кайрылган. Анын айтуусунда, курултай тууралуу мыйзам кабыл алып, ага жалпы Кыргызстан элинин өтө орчун маселелери талкууга коюлушу зарыл. Ирандын өзөктүк программасына токтолгон элчи «бул ирандыктардын укугуна туура келген табигый укук» дейт.

Кыргызстан менен Тажикстан 2020-жылдары 90 миллиард киловат саат электр энергиясын өндүрүп, Нарында 22, Пянджда 14 гидробайланыш объектилерин куруп ишке киргизерин «Республика» гезитинде Альберт Богданов жазды. Ыкчам өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн энергетикалык кызыкчылыктары Борбор Азияны такыр чөлгө айлантып салыш коркунучу башбактап туру.

Бишкек шаарынын башкалардан өзгөчөлөнгөн өз жүзү жоголуп, башкалаага каалагандай үйлөр арбын салынып, кейпи кетип баратканын ушул эле «АиФ Кыргызстан» гезити белгиледи.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG