Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

ЭЛЕТТИК ЖАШТАРДЫ ТҮЙШӨЛТКӨН СУРООЛОР


Элеонора Куленбаева, Бишкек Бүгүн, 27-июнда, Бишкекте айыл жаштарынын проблемалары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө тегерек үстөл үстүндө талкуу өттү. Аны Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Ыктыярчылар программасынын Жаштык долбоору менен Билим берүү, илим жана жаштар саясаты боюнча министрлиги биргеликте уюштурушту.

Кыргызстанда калктын барандуу бөлүгүн жаштар түзөт. Ал эми жаштардын жоон тобу элетте. Улан кадимки элеттик жигит.

- Негизи айылдамын, жайкысын талаа жумуштары менен...кыш мезгили бая эмне кызыкчылык болсо ошол кызыкчылык менен жүрөбүз...Эми кечинде ар кандай нерселер болот. Кээде туулган күн, кээде кыздарга барабыз. Кызыктуу нерселерге көбүнчө аракет кылабыз. Мындай айтканда эгерде жумуш болсо, Бишкекте эле болгум келет. Эгер мүмкүнчулүк болсо, чыгып барып келсем болмок,- дейт Улан.

Айыл жериндеги жаштар саясатын натыйжалуу жүргүүзү ниетинде Билим берүү, илим жана жаштар саясаты боюнча министрлиги демилге көтөрүп, БУУнун Ыктыярчылар Программасынын Жаштык долбооруна кайрылган.

Кыштактагы курдаштардын ой-ниетин, маанайын аныктоо максатында аталган долбоор алкагында жакында иликтөө жүргүзүлдү. Ал изилдөөгө ылайык элеттик курдаштар көпчүлүгү Уландай эле борборго, шаарга келүүгө дилгирленишет. Кайсы райондогу курбуларды алба, өздөрү турган кыштактын жашоосуна, өнүгүшүнө кайдыгер. Кызыкпайт дагы...

БУУнун Ыктыярчылар Программасынын Жаштык долбоорунун менеджери Айгүл Догдурова иликтөөнүн жүрүшү тууралуу буларга токтолду.

- Айыл жаштарынын өзүлөрү турган кыштактын жана өлкөнүн саясий жашоосуна катышы кандай? Алардын позициясын аныктоодо ырасмий маалымат алуу үчүн сурамжылоо уюштурууну эп көрдүк. Фокус-групп форматында сурамжылоону биз Кыргызстандын баардык аймактарында жүргүздүк.

Республика боюнча баардыгы болуп 150 айыл жаштары сурамжылоодон өткөн. Курдаштарга “жашаган жеринде кандай маселелер бар? Жаштар аларды кантип чечишет? Алар өз укуктарын билишеби? Мамлекеттик жаштар саясатына катышкысы келеби?” өндүү суроолор жолдонгон.

Алмазбек Абдырапиев жаштардын укук коргоо тобунда иш алып барат. Ал биз кеп кылып жаткан сурамжылоодо респонденттер менен түздөн-түз иштешкен.

- Интервью жүргүздүк. Бизде эки анкета болду. Аябай көп маалымат топтодук. Биз анкетаны даярдап эле, баарына таратып коюп, кийин анан чогултуп алган жокпуз. Бир адамга биз бир саат кетирип, өзүбүз толтурдук. Биз сурап жаткан жаштардан максималдуу маалымат алганга аракет кылдык,-дейт Алмазбек Абдырапиев.

27-июнда, иликтөөнүн негизинде алынган жыйынтыктар Чүй облусундагы жаштарга тиешеси бар уюмдар алдында, тегерек үстөл үстүндө тартууланды. “Айыл жаштарынын өздүк потенциалын аныктоодо алардын ролу кандай?” деген суроого жооп бериш үчүн тегерек үстөл катышуучулары 3 топко бөлүнүштү.

- Үч топ, үч түрдүү көз караш менен айтат да. Мамлекеттик структура өзүнүн көз карашын билгизет. Бейөкмот уюмдары өзүнүкүн жана бул жерге келген жаштардын демилгелүү топтору да өздөрүнүн ойлорун айтышат. Анан акырында келип, топтоп, бир жыйынтыкка келебиз деген оюбуз бар,-деди БУУнун Ыктыярчылар Программасынын Жаштык долбоорунун эксперти Кеңешбек Сайназаров.

Белгилей кетчү жагдай, өлкөнүн ар аймактарында фокус-топтордо болуп өткөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын талкуулоо ушул эле аталыштагы кийинки тегерек үстөл талкууларында уланат. Тегерек үстөлдөрдүн сериясы 18-июлга дейре Кыргызстандын баардык обулустарында болуп өтөт.

XS
SM
MD
LG