Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

ӨЗҮҢ АЛБА, ӨЗГӨНҮ ДА АЛДЫРБА!


Курулуш жаатында коррупцияга каршы кандай күрөш жүрүп жатат, ага өбөлгө түзчү жагдайлар жоюлдубу? Архитектура жана курулуш агенттигинин өкмөт жыйынындагы отчетунда мына ушул талылуу маселе талкууланды.



Агенттиктин жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун ырасташынча, тармактын коррупцияланышына мамлекеттик курулуш кызматынын экиге бөлүнүп калышы өбөлгө түзгөн.

- Эки мамлекеттик курулуш, бир көрнөктүн алдында, бирине-бири баш ийбеген эки структура иштеп келди. Бул биртоп адашууларга алып келди. Билесиздер, ылайланган суудан балыкты кармоо оңой.

Архитектура жана мамлекеттик курулуш тармагында иштегендердин айлык маянасы аз. Ошол себептүү адистердин көбү ишин таштап, кесибин алмаштырып кеткен учурлары аз эмес. И.Кадырбеков коррупция иш көзүн билбеген, чала-моңол кызматкерлердин катарынан арбын чыгат деп эсептейт.

Жарыбаган маянанын көзүн караган адистерди кармап турган «майталкан» - уруксат берүү кагаздарын тейлеп-тескөө укугунун берилиши. Ошондон өкмөт башчы курулуш иштерин тейлөө кызматын жеке колго берүү демилгесин жактырат. Анын айтуусунда, андай жаңылык бара-бара мамлекеттик автоинспекциянын айдоочулук күбөлүк, техникалык паспорт берүү кызматтарына да жайылышы ыктымал.

- Долбоорчулар жеке колго өтүшкөн. Эмне үчүн биз уруксат берүүнү жеке колго өткөрүп, силерге көзөмөл кылуу кызматын гана калтырбайбыз?

Феликс Кулов курулуш баштоого уруксат берүү түйшүгүн жеке колго өткөрүп берүү коррупциянын тизгинин тыяр эле деп эсептейт. Курулушчу уруксат кагазын бири-бирине атаандаш жеке колдон алып, ортодогу мамлекет чөнтөгүнө түшпөй өтүп аткан акчалардын кыйласы салык катары казынага чегерилмек.

Курулуш тармагынын жетекчилеринин көңүлүн өйүгөн дагы бир маселе ушу тапта көп кабаттуу үйлөрдү салууга жетиштүү даярдыгы жок чала-моңол адистердин кабат-кабат үйлөрдү тартынбай салып жатышы.

- Курулуш, бош жер көрсө эле уруксат берип куруп жатышат, даяр үйгө улап кургандар көбөйүүдө. Айрым бир соода борборлору, байлар үчүн салынган үйлөр болбосо жаңы курулуш деле жок дээрлик,- дейт Феликс Кулов.

Коррупциянын тизгинин тартыш үчүн ириде курулушка уруксат берүүчү кызматкердин айлык маянасын азыркы 700 менен 1500 сомдун тегерегиндеги акча менен чектебей көбөйтүү керек. «Бишкеккурулуш» фирмасынын жетекчиси Аскар Молдобаевдин айтуусунда, ансыз коррупцияны азайтыш кыйын.

- Уруксат кагазын берчү киши экономикалык жактан эч кимге көз каранды болбошу зарыл. Бул албетте, аксиома. Бирок да 700 сом алган киши уруксат кагазына кол коюп жатып акча албай коет деш кыйын.

Архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчи орунбасары Төлөбай Кеңешов базар экономикасы жаңыдан башбагып жаткан чакта жеке ишкердикке жол ачуу үчүн эски үйлөрдү ыңгайлаштырууга көп жол берилип кеткендигин ырастады.

- Ал эми өткөн этап болуп калат го. Турган үйлөр тура берет.

Биртоп убактан бери өкмөт министрликтер менен ведомстуктарда коррупцияга каршы кандай иш-аракеттер жүрүп жатканын талкуулап келатат. Чоң жыйындардын баарында бийлик башында тургандардын коррупцияга малынбаганы, алдым-жуттумдук бийлик тепкичинин төмөнкү катмарында жолугары айтылат. Парламент депутаты К.Байболов коррупция тууралуу алдагыдай арадай жерге чарадай сөз кылып отурбай, тизгинин тартып коюштун жөнөкөй жолу бар дейт. «Өзүң алба, өзгөлөрдү да алдырба!»

XS
SM
MD
LG