Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

“АЗАТТЫК” РАДИОСУНУН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ- АЗАМАТ АЛТАЙДЫ ЭСКЕРҮҮ


Кабыл Макеш Мурда маалымдалгандай «Азаттык» үналгысын негиздеген Азамат Алтай агайыбыз 23-майда 86 жашка курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан эле. Маркумдун кыркылыгына байланыштуу Азамат Алтай тууралуу эскерүүлөрдү беребиз.

Туз, насип буюруп 2003-жылы Нью-Йоркто өткөн эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын Конгрессине Кыргызстандан делегет болуп барып, «Азаттык» үналгысынын негиздөөчүсү Азамат Алтайга жолуккан элем. Ошондо «Азаттык» үналгысын кантип уюштурууга катышканы, Борбор Азия жана Кыргызстан жөнүндөгү 6 миңдей китеп жыйнаганы тууралуу жана өзү, оорусу, кыргыздар, учурдагы абал, Аскар Акаевдин Үзөңгү Куушту Кытайга берип жибергени чыккынчылык экенин айтып мындай деген эле.

-АКШнын билермандары радио толкундар чек араны билбейт, аны кармоого мүмкүн эмес дешип, радио түзүүнү колдоого алышкан. “Азаттык” радиосун курганда биз Туркестандын атынан курдук. “Азаттык радиосунун биринчи директору казак болду. Орунбасары өзбек. Мен болсо спикер элем. Кыргыздардыкы түркмөндөрдүкүнөн бир аз жогору эле.Түркмөндү катчы кылып, төрт киши менен “Азаттыктын” алгачкы берүүлөрүн баштадык. Кандай гана кыйын күндөрдү баштан өткөрсөк да кыргыз деген атты, намысты сактап калдык.
Учурда колум титирейт, паркинсон оорусу менен ооруйм, буту-колум шишип атат, жакшы жүрө албайм. Бул ооруну Түгөлбай агамдан тилеп алгам. Кыргызстанга барганда ал да азыркы мендей болуп колу титиреп турган экен. Ушул сиздин ооруну тең бөлүшөйүн деген элем, өз башыма да ал оору келди.


Өз аты жөнү Кудайберген Кожомбердиев , элге таанылганы Азамат Алтай чет жерде жүрсө да Кыргызстан жөнүндө маалыматтарды дүйнөлүк маалымат булактары үчүн даярдап жазып бергенин, Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиева жана башка кыргыз маданият ишмерлери тууралуу Батышка кеңири маалымдап турганын акын, агартуучу Гүлзина ажы Өмүрбек кызы айтып мындай деп эскерет:

- Эми Азамат Алтай деген кыргыздын тарыхында кала турган улуу инсаны. Совет доорунун бүт кемчиликтерин ошол киши бетке айтты. Көзүбүздү ачты. Саясатчылар, деле бардык радио уккан элдер жашырынып болсо дагы Азамат Алтайдын үнүн угуп жатканын өз көзүм менен көрүп күбө болгом. Мурдакы жылы Азамат Алтай 85 жашка чыгып жаткан жашында кыргыздар эмгегин баалап, биз ал кишиге бир сыйлык, урмат көрсөтүшүбүз керек эле. “Манас” орденине татыктуу эле. Алыста туруп, Акаевдин режимин, Үзөңгүкуушту кытайга белекке бергенин сындап, элдин, кыргыздын анык чыккынчысы Аскар Акаев деп бетине айтпады беле.

«Азаттык» үналгысынын кыргыз редакциясын уюштурган Азамат Алтайдын эмгеги көзү тирүүсүндө татыктуу баасын албай калганы өкүндүрөт.
Анын ысымын түбөлүккө калтыруунун зарылдыгын, айылындагы мектебине атын, Бишкектен бир чоң көчөсүнө ысымын берүү керек деген пикирин айтуу менен өлкөнүн «Кыргыз тил» коомунун төрагасы Нурлан Кыдыршаев мындай деп эскерет.

-Эми Азамат Алтай деген кыргыздын тарыхында кала турган улуу инсаны. Совет доорунун бүт кемчиликтерин ошол киши бетке айтты. Көзүбүздү ачты. Мурдакы жылы Азамат Алтай 85 жашка чыгып жаткан жашында кыргыздар эмгегин баалап, биз ал кишиге бир сыйлык, урмат көрсөтүшүбүз керек эле. “Манас” орденине татыктуу эле. Эгерде радиожурналистикасына конкурс уюштуруп, ошол кишинин атындагы бир сыйлыктарды уюштурса эмне үчүн болбосун. Бул кишини кадыр - баркын дале билбей жатабыз.

Ал бүткүл өмүрүн Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы сөз жана басма сөз эркиндигине, жалпы эле аймактагы демократиялык жараянга арнаган.

Азамат Алтай өзү 1950-жылдардан бери кыргыздын тарыхы, маданияты, адабияты боюнча чогулткан архивинин бир бөлүгүн 1995-жылы Кыргызстандагы Жалалабат университетине тартуулап, кийинчерээк Жалалабат университетинде Азамат Алтайдын бурчу ачылган.

Азамат Алтай 1995-жылдан тарта Жалалабат менен Караколдогу университеттердин мыкты окуган студенттерине жеке өзүнүн атынан жыл сайын 500 доллардан сыйлык берип келген.

XS
SM
MD
LG