БИШКЕК.Бириккен Улуттар Уюму ушундай чечим кабыл алып, муну Тажикстандагы саясий кырдаалдын, адам укуктарынын абалынын турукташкандыгы менен негиздеген. Тажикстандагы жарандык согуш маалында ооп келген 22 миңден ашык качкындын кыйла бөлүгү Тажикстанга кайра кайтышкан. 3880и Кыргызстандын жарандыгын алышкан. Айрым маалыматтарда качкын макамы менен жашап жаткан дагы миңден ашык адам бар экендиги айтылууда. Активисттердин маалыматы боюнча кезекте сексенден ашык адам жарандык алууга кезекте турат. Кыргыз бийлиги жарандарга тиешелүү маселелерди сентябрь айына чейин чечүү зарыл деп саноодо.