Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

ТОКОЙ КЫЮУГА ҮЧ ЖЫЛ ТЫЮУ, БАЛТА ЭС АЛСЫН


Кыргызстандын 4% ашуун аянтын же 849 миң гектир жерин токой ээлейт. Кийинки жылдары тоо боорундагы карагай-арча, жаңгактарды уруксатсыз кыюу күч алып, кыргыз токою жок болуу коркунучуна капталды.

Ансыз да суйдаң тартып бараткан токойдун шору катып, колу жеткендин баары балта-тешесин көтөрүп отунга деп өсүп турган дарактарды кыюу опсуз көбөйүп кеткени көп эле айтылды. Кырдаалдын кыйын жагына оой баштаганын жаңгак уюлун уурдоо эл арасына жапырт жайылып кеткени кашкайтып ачык көрсөтүп койду окшойт.

Токойду аеосуз жок кылууну көрүп-билип турган жергиликтүү элдин арыз-арманы өкмөткө да жеткен белем, 28-июнда президенттин арча, жаңгакты кыюуну үч жылга токтотуу тууралуу атайын жарлыгы чыкты. Эки айдын ичинде өкмөт токой ууручулугун токтотуу боюнча кандай иш-чараларды жасай турганын жарыя кылмакчы. Иши кылып, токой байлыгын коргоо мамлекет көзөмөлүнө алынары ырасталды.

Азырынча Кыргызстанда жаңгак уюлун уурдагандарга каршы үзгүлтүксүз күрөш ачыла элек. Экен-токондо кайсы бир шылуундардын кармалганы кабарланганы болбосо, токойдун шорун катыргандар көбүнесе жазасыз калышууда. Мына быйыл да жалаң жаңгак уюлун уурдап бараткан жеринен жүздөн ашуун адам кармалган. Келтирилген зыян 8 миллионго жакын сом акчаны түзөт. Кармалбай кеткендердин саны канча?

«Элдик ыңкылапты коргоо» коомдук кыймылынын Жалалабад облусундагы жетекчиси Кылычбек Маматаевдин ырасташынча, бул маселеге жаңы бийлик башында көңүл бурган деле эмес.

- Губернаторго, токой чарбасынын жетекчисине ошентип ызы-чуу чыгаргандан кийин көңүл бурулду. Бул жерде областтык акция өткөн экен, мен ага катышпай калдым. Аралашып, бакырып-кыйкырып, чатак кылганыбыз чын. Анан эми тыюу салып жакшы болуптур.

К.Маматаев жаңгак уюлун уурдап сатууга айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өзгөчө кызыкдар деген пикирде.

- Биз тигинтип токой чарбасынын жетекчисине чейин барып жаңжал чыгаргандан кийинки областтык активден үч күн өткөндө ошо жетекчилердин өздөрү барып жүктөп келгенин өз көзүм менен көрдүм. Алдында милициянын начальнигинин машинеси, артында 20 метрлик узун машинелер баш эмеспи, ошолорду толо кылып мынабу Орток тараптан жүктөп келгенин мен көрдүм. Ошолор барып терип алып келишти.

Жакынкы жылдардан бери токойду узак мөөнөт ижарага берүү аракети көрүлүүдө. Бирок да андан жаңгак уюлун уурдоо азайган жок.

Кыргызстан улуттук илимдер академиясынын Токой жана жаңгак изилдөө институтунун директору Эшалы Турдукулов уруксатсыз токой кыюу кийинки жылдары күчөп кеткенин айтты.

- Бул өзү чынында эле коркунучтуу көрүнүш. Анан да жыл сайын көбөйүп баратат. Ошол себептүү уруксатсыз жыгач кыюуну токтотуу, мыйзамды катуулатуу боюнча жарлыктын чыгышы мыйзамченемдүү иш,- дейт Эшалы Турдукулов.

Окумуштуунун ырасташынча, жаңгак уюлу 70 жылдан ашкан даракта пайда болот. Илимде анын кандайча, кантип пайда болгону так аныктала элек.

- Уюлдун пайда болушу, илим тилинде айтканда генезиси, азырга чейин илимге белгисиз. Изилдеп жатышат, бирок да азырынча ал тууралуу так айтыш кыйын, пайда болушу түшүнүксүз бойдон калууда.

Эшалы Турдукуловдун айтуусунда, жаңгак токою картаюуда, аркыл илдеттерге кабылууда. Токой илдетин биологиялык жол менен дарылоо мүмкүндүгү бардыгын илимпоздор айтып келишет. А бирок андан чоң зыян - жаңгак уюлуна кызыгып токойду бүлүнтүү ушу тапта Кыргызстан башынан кечирип жаткан экологиялык коркунучтун эң чоңу.

XS
SM
MD
LG