Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Кумтөр алтынан алына турган пайданы өкмөт эсептеп жатат


Өткөн жуманын соңунда биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов «Центерра голд Инк» компаниясынын башчысы Леонард Хоменюк менен жолугушту. Анда Үсөнов «Центеррада» үлүшү бар Кыргызстан өзүнө качан, канча пайда алаары тууралуу маселени козгогон. Жыйын соңунда биринчи вице- премьер- министр атайын топ түзүп, Кумтөр кенин жакынкы 10 жылда иштетүү боюнча техника-экономикалык негиздеме түзүүнү сунуштады. Ал эми Хоменюк 2005-жылы геологиялык иликтөөлөрдүн натыйжасында кошумча 80.5 тонна алтын табылып, быйылкы жылы геологиялык чалгындоого 11 миллион доллар жумшалаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG