Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:37

ТҮРКМӨНСТАНДАГЫ КЫРДААЛ ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ ТАСМА ТАРТЫЛДЫ


Төрөкул Дооров, Прага “Чек арасыз репортерлор” деп аталган эларалык уюм “Чоң сегиздикке” кирген мамлекеттерди Түркмөнстанда эки апта мурун кармалып кеткен жети журналисттин жана укук коргоочулардын абалына түздөн-түз кийлигишүүгө чакырды. “Алардын ал-ахыбалы азыр өтө коркунучта экени тууралуу кабарлар көбөйүп жатат” деп билдирди аталган уюм.

Түркмөнстандагы укук коргоочу Аннакурбан Аманклычев Франциядагы сыналгы каналы “Франс-2” жана “Galaxie-Presse” менен кызматташып жүргөн эле. Азыр Аманклычев менен бирге “Азаттык” үналгысынын түркмөн редакциясынын кабарчысы Огулсапар Мурадова жана анын үч баласы жашыруун түрмөдө кармалып турушат.

“Чегарасыз кабарчылар” уюму 15-17-июлда Санкт-Петербургга чогула турган баардык “Чоң сегиздиктин” лидерлерин түркмөн бийликтерине катуураак басым жасап, ошол жети адамды бошотуп алууга чакырды.

Катерин Бертиллер - Galaxie-Press дин кабарчысы. Ал ушу жылдын март айында Түркмөнстанга барып, азыр камакта отурган Аннакурбан Аманклычев менен бирге “Түркмөнстанга саякат” аттуу фильм тартышкан. Андан кийин, 16-июнда, Аманклычев абакка отургузулду. Аны Түркмөнстандын Коопсуздук Министрлигинде көргөндөрдүн айтымында, Аманклычевти түнү-күнү суракка алып, ага ырайымсыз кордук көрсөтүп жатышат. “Аны азыр таанып болбойт” дешет алар.

Франциялык экинчи канал үчүн фильм тарткан француз журналисти Катерин Бертиллер “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, ушу тапта монтаждалып жаткан фильм жакын арада чыгып калаарын айтты.

- Мен бул тасманы чыгаруу менен Түркмөнстандагы кырдаал, адамдардын турмушу жөнүндө бизде такыр маалымат жок экенин ачык көрсөткүм келди. Мен буга чейин да көп мамлекеттерде жүргөн түркмөнстандык качкындар менен көрүшкөм. Кийин түркмөн жеринде болгондон кийинки да алар сүрөттөп беришкен абалды даана сездим. Башкача айтканда, азыр өлкө дээрлик кыйроонун алдында турат. Анткени азыр өлкөдө адам укугу деген жок, медицина, билим берүү тармактары такыр кыйраган. Бүгүнкү режим көрсөтүп жаткан эң башкы коркунучтардын бири – 10-15 жылдан кийин жарала турган жаңы муундун деңгээли. Жаштар азыр билим ала алышпайт, алар Ниязовдон башка эч нерсени билишпейт, - дейт франциялык журналист Катерин Бертиллер.

Ал Түркмөнстанга баруу үчүн виза алуу да оңой болбогонун айтты. Журналист катары баруу бери турсун, жөн эле турист катары виза алуу да азап иш болду дейт.

Кийин түркмөн жерине баргандан кийин да фильм тартуу оңой болгон жок.

- Батыштык журналист болуп туруп, мен барган жерлерге барып, мен жасаган ишти аткаруу аябай оор жана коркунучтуу деп ойлойм. Биз кимге кайрылбайлы, адамдар “Жок, бизди тартпа!” деп жатышты. Ошондуктан жөн гана фильмге тартылууга макул болгон адамдарды табууга эле көп убакыт кетип калды, - дейт франциялык Galaxie-Press маалымат каражатынын кабарчысы Катерин Бертиллер.

Ошентип, Түркмөнстанда кармалып тургандар тууралуу азырынча Ашгабаттагы мамлекеттик сыналгы каналы берген кабар гана белгилүү. Ага ылайык, бийликтер жети журналист жана укук коргоочуларга “мамлекеттик төңкөрүш жасоого далалаттанган” деген кине тагып жатышат.

XS
SM
MD
LG