Билим берүү министрлигинин атайын комиссиясы өлкөдөгү жогорку окуу жайлардагы окутуунун сапатын текшерип чыккан. Анда юридика, медицина жана экономика боюнча кадр даярдоонун сапаты бир катар окуу жайларда талапка жооп бербей тургандыгы аныкталган. Коллегияда окутуунун сапаты төмөн, окуу - материалдык, окутуучулук базасы мыйзамдык талапка жооп бербеген окуу жайларды жабуу маселеси көтөрүлүшү мүмкүн.
Билим, илим жана жаштар саясаты боюнча министрликтин коллегиясында жогорку окуу жайлардагы окутуунун сапаты талкууланат