Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

ООГАНСТАН: ТҮРКМӨН МУЗЫКАСЫ ХИП ХОПТОН ЖЕҢИЛИП БАРАТАТ


Эрнис Кыязов Ооганстандагы түркмөндөрдүн эски классикалык музыкалары мезгил өткөн сайын унутулууда. Түркмөндөрдүн улуттук аспабы дутарда кол ойнотуп, ага кошуп ыр ырдаган жаштар ооган жергесинде азайып барат. Жаштар көбүнесе попса, рок-музыкасы, а түгүл хип-хопко көбүрөөк көңүл бурууда.

Араз Бакшы аттуу Оогандык бу киши килемге малдаш токунуп олтуруп алып дутарын колуна алып ойной баштайт, дутардан чыккан аваз кайгылуу махабат жөнүндө. Араз өзү 62 жашка келди, жакында эле эл алдында концертин койду. Араздын айтымында, бул анын акыркы концерти. Ооганстанда жашаган түркмөндөрдүн аткаруусундагы классикалык музыканын бул түрүн үйрөнүп, аны аткаргандар деле калбай баратат.

“Ооганстандагы музыканын келечектүүлүгүнө мен анча ишене бербейм”-дейт Араз Бакшы.

Араз деген ысымына кошуп бу кишини бакшы деп чакырышат, бакшы деген “ырчы” дегенди туюнтат. Араз Бакшынын өнөрү мүнөзү жагынан тоо тарапта жайгашкан айыл-кыштактардагы элдин фольклордук музыкасына эмес, түркмөндөрдүн жогорку маданияттуу классикалык музыкасына жакыныраак.

“Түркмөн маданиятында бакшылар аткарган классикалык ырлардын өзгөчө салмагы болуп келген,-деп түшүндүрөт Араз. – Үйлөнүү үлпөттөрүндө бакшынын ырдап чыгышы - салтанаттын маанилүү бөлүгү деп эсептелинип, ал түн бир оокумга чейин ырдай берчү.

Анкарадагы “Билкент” деп аталган түркиялык университеттин музыка таануучу профессору Сердар Антеп түркмөндөрдүн вокалдык стилдеги классикалык,салттык музыкасы акырындап жоголуп кетүү коркунучуна кабылбас бекен деп тынчсызданат. Профессордун баса белгилөөсүндө, түркмөн музыкасынын Ооганстандагы, Ирандагы а түгүл Түркмөнстандын өзүндөгү салттары жөнүндө көпчүлүк анча кабардар эмес.

Дегеле Ооганстандагы түркмөндөр тууралуу Азаттыктын Прагадагы түркмөн кызматынын журналисти Мухаммед Тахир мына буларды айтты:

"Ооганстандагы көптөгөн улуттук азчылыктардын бири – түркмөндөр. Өлкөдө жашаган түркмөндөрдүн көпчүлүк бөлүгү эрсары уруусунан. Эрсары түркмөндөрү Ооганстандын түндүгүн бойлой батыш тараптагы Гераттан тартып, түндүк-чыгыштагы Катаганга чейинки аймакта отурукташкан. Атактуу кырмызы-кызыл түркмөн килемдерин сатып оокатын өткөргөн Кабулдагы түркмөндөрдөн айырмаланып, эрсары түркмөндөрү негизинен дыйканчылык менен жан багышат".

Дутарды жогорку чеберчиликте, мыкты ойной алган бакшылар азыр саналуу гана калды. Бул аспапты черте билгендер - айыл кыштак тараптагы бирин-серин ырчылар жана аялдар. Ошондо деле аялдар добулбас жана варгандарды ойной алышат, анан калса, аялдар үйлөнүү тойлорунда гана өзүнчө обочолонгон бөлмөлөрдө бийлей алышат.

1998-жылы бийликке талибдер келгенден баштап Түндүк Ооганстандагы көпчүлүк түркмөндөр үй-жайларын таштап, качкын-бозгун болуп коңшу турган Пакистанга көчүп кетүүгө аргасыз болушту. Акыркы жыйырма жыл ичиндеги маданий ылдыйлоонун себеби, талибдер көркөм өнөрдүн бардык түрлөрүнө тыюу салып, анын ичинде бакшылык өнөрдү да чектешти. Эски түркмөн ырларынын абалы тууралуу Араз Бакшы буларды айтат:

"Эң кызыгы, талибдердин убагында жашырып-жаап болсо да, билгизбей түркмөндөрдүн музыкага болгон кызыгуусу байкалып тураар эле, ал эми азыр болсо түркмөн музыкасы кыйла боор ооругудай абалда турат"- дейт Араз Бакшы.

«Азыркы жаш муундардын көз карашы боюнча, классикалык түркмөн ырларын угуу – бул демек артта калгандык экен. Эмки учурларда үйлөнүү тойлорунда бакшынын ордуна попса-стилиндеги аткаруучуларды чакырышып, ошондо да алар түркмөнчө жарытып ырдай алышпайт»-дейт Араз Бакшы.

Поп жана рок-музыкасы, а түгүл хип-хоп барган сайын кеңири кулач жайып, аны менен катар эски салттык музыкалар четке сүрүлүп чыгууда.

Кабулда иштеген социалдык кызматкер жана түркмөн тили боюнча эксперт Парвин Тахирдин пикиринде, жаны стилдеги музыкалардын өктөмдүгү баары бир боло берет. Бирок башка өлкөлөрдө жашаган түркмөндөр менен болгон маданий карым-катышты күчөтүү аркылуу унутулуп бараткан эски музыкалык салттарды жандандырууга болот.

Ал эми мурда бакшылык өнөрдү аркалап келген, азыр Түркияда жашап жаткан Мухаммед Муса болсо, согуш жылдарында ачкачылыктан, турмуштун кыйындыгынан каржалып турган музыканттарга учурунда колдоо көрсөтпөгөнү үчүн Ооганстандагы түркмөн коомдоштуктарынын башчыларын күнөөлөйт. Муну менен катар, ал башка өлкөлөрдөгү түркмөндөр менен байланыш түзүү аркылуу эски, салттык музыканы сактап калууга болооруна көзү жетпейт. «Пакистанда, Иранда жашап жатышкан түркмөндөрдүн жаш мууну биздин эски музыкалык салттарды сактап калаарына ишенбейм. Чыныгы түркмөн маданиятынан алыс жашагандыктан, алар мисалы панжаби жана индия музыкаларынын таасири астында өсүшүп, ошондой музыкаларга ыктап калышкан",-деп эсептейт Мухаммед Муса.

Ооганстандын өзүндө болсо түркмөн ырларынын стилинде көп сандуу өзбек калкынын таасирлери байкалат. Өзбек жана түркмөн тилдери негизинен түркий тилдерге кирип, бир бирине окшош болгону менен, өлкөдө өзбектердин өзүнө гана тиешелүү музыкалык ыргактары бар.

Кундуз деген аймакта жайгашкан музыкалык дүкөндөрдүн биринин ээси Абдулла Набинин оюнча, түркмөн ырларына өзбек стилинин аралашып кетиши - бир мезгилдердеги саясаттын таасиринен улам.

«Борбордук бийлик менен можахеддер күрөшүп жаткан жылдары түркмөн командирлери аскердик даражасы жагынан тажик, өзбек командирлеринен ылдый турчу, мындайча айтканда алардын кол астында болчу. Мына ушундай кырдаалдан улам, абройлуу өзбек же тажик коноктор келип калганда, аскерлердин түнкү шаң-шарапаттары уюштурулуп, анда негизинен өзбек стилиндеги ыр-бийлер аткарылчу»,-дейт Абдулла Наби.

Кээ бирөөлөрдүн көз карашы боюнча, 1995-жылы кайтыш болгон, жыйырманчы кылымдын аягындагы эн чыгаан түркмөн бакшыларынын бири деп азырга чейин баркталып жүргөн Ахмед Бакшы деле чыгармачылыгынын акыркы жылдары, өзүнүн ырдаган ырларында өзбек ыргактарын көп колдонуп жүргөн.

Азаттыктын Прагадагы түркмөн кызматынын журналисти бакшылык өнөргө анча маани берилбей жатканы менен Кабул радиосунда эски түркмөн ырлары кез-кези менен уктурулуп тураарын айтат:

Мухаммед Тахирдин айтымында Ооганстанда Араз Бакшыдан бөлөк дагы эки аты таанылган аткаруучулар бар: Хемра Бакшы менен Сервер Бакшы маал маалы менен концерт коюп турушат. А түгүл алардын аткаруусундагы ырларды Кабул радиосундагы Түркмөн кызматынын обо толкунунан угууга да болот.

Кундуз шаарчасындагы дүкөнүндө Абдул Наби эски үлгүдө жазылган кассеталарды компакт-дискке көчүрүү менен алек. Эски түркмөн музыкасын өнүктүрүү, аны архивге сактоо багытында мындай жеке аракеттен бөлөк кандайдыр жаңы демилгелер деле байкалбайт.

Мында жагдайды түркиялык профессор Сердар Антеп төмөнкүчө ырастайт: “Түндүк Ооганстан аймагында эски салттагы түркмөн музыкасы боюнча сабак берген, аны өнүктүргөн эч бир мекеме жок. Болгону өз бетинче аракет кылып, музыкага кызыккан адамдардын чакан тобу бар”-дейт Сердар Антеп.
XS
SM
MD
LG