Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

АЛЫП БАРУУЧУЛАР АКАДЕМИЯСЫ АЛГАЧКЫ ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ ТАРТУУЛАЙ БАШТАЙТ


Өткөн жылдын соңунда улуттук телеканалда алып баруучулардын академиясы ачылып, ага катышып, сынактан өтүп, алты ай чамасында көрүнүктүү инсандардан устаттык сабак алышкан жаш алып баруучулар эми өз көрсөтүүлөрүн даярдап элге тартуулай башташты. Долбоордун алкагында он телекөрсөтүү иштелип чыгып, эми келерки жумадан тарта көрүүчүлөргө сунушталганы турат.

Алсак “Акыл ажары”, “Кесип”, “Кыз кыялы” “Күмүш сырга” жана башка көрсөтүүлөр. Ал эми алардын арасында шаардык улан-кыздарды кыргыз элинин үрп-адат, каада-салттарын үйрөтүүгө арналган “Шаардык балдар” телекөрсөтүүсү бар. Аталган көрсөтүүгө шаардык улан-кыздар тандалып алынып, программанын талабына ылайык алар айылда жашашып, кыргыз элине таандык каада-салттарды, үрп –адаттарды үйрөнүштү. Маселен көрсөтүүгө катышкан уландар кой союшуп, отун жарышса, кыздар уй саашып, сайма сайып, шырдак шырышкан. Ошондой эле улуттук оюндарды ойношкон.

Академиянын жетекчиси Мыктыбек Арстанбек бул көрсөтүүнү тартууда өкүндүргөн да сүйүндүрө турган да нерселер болду дейт.

-Чындыгында биздин балдар айылдан аябай безип калышыптыр, кыргыз деген түшүнүктөрү жок, бул өкүндүргөн нерсе. Ал эми кубандырганы - атты өмүрү көрө элек балдарга мингизип туруп, эңишесиң десе кантип деп сурап койбой атка шарт минип, эңишкени кетип калды. Бул деген анын генетикалык сезимдери ойгонуп кетти деген сөз.

Мына ушул долбоордун катышуучуларынын бири Асыл аттуу улан көрсөтүүгө катышканына өкүнбөй турганын, анткени көптөгөн билбеген нерселерди үйрөнгөнүн айтты:

-Мен бул көрсөтүүгө катышканыма өкүнбөймүн, себеби ал жактан негизгиси кыргызча сүйлөгөндү үйрөнүп келдим, кой сойгонду, от жакканды, улуттук оюндарды үйрөндүм.

Эми бул телекөрсөтүү келерки жумадан тарта көрөрмандардын сынына коюлмакчы. Ал эми долобоордун жетекчилеринин айтымында эгер эл жакшы кабыл алса, анда ары улантып, кыргыз элинин нукура жашоосунан кабары жок улан-кыздарды тандап алып, алар менен өлкөнүн дубандарынан көрсөтүү даярдоо ниеттери бар.

Мына ушундай патриоттук сезимдерди ойготкон, үрп-адат, каада-салттарды даңазалоого, кыргыз элинин нукура жашоосун көрсөтүүгө багытталган дагы бир “Нукура кыргыз” телекөрсөтүүсү Ош облусунун “Кайыңды” жайлоосунда тартылды. Баш байгеси 100 миң сомду түзгөн бул теледолбоор көрүүчүлөргө август айынын аягында тартууланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG