Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

ЧАҢ ЖОЛ, САРГАЙГАН ТОКОЙ, ТОМСОРГОН ТОО


1998-жылкы экологиялык кырсыктан жапа чеккендерге «Кумтөр» алтын кени 4 миллионго жакын доллар акча төлөп бермекчи. Бирок да жергиликтүү калкты Барскоон капчыгайынын чаң менен түтүнгө капталышы, тоо-токойдун азыркы абалы көбүрөөк кабатырлантууда.

Капчыгай өрдөгөн чоң жолдо артынан уюлгуган түтүн аралаш чаңды ээрчиткен оор жүк машине жанынан өткөндө кичинекей баласын бооруна кыскан жаш келин кыйлага көрүнбөй калды. Барскоон капчыгайы менен «Кумтөр» алтын кенинин экологиялык проблемаларына арналган жыйындын негизги өзөгүн мына ушул киноэпизод түздү окшойт.

«Кумтөр» алтын кени дүйнөдөгү эң ири кендердин бири экени ушу тапта кыргызстандыктардын баки-жогуна дайын. Советтер Союзу тушунда эле чалгындалып, запасы 716 тоннаны түзөрү аныкталган. Эгемендиктин алгачкы жылдарында ири чет эл инвестициясын «Кумтөргө» салбай, ишти башкаларынан баштоо керектигин айрым адистер учурунда а кездеги президент А.Акаевге бир нече ирет эскертишкен.

«Легендарлуу парламенттин» депутаты, техника илим доктору, профессор Шергазы Мамбетовдун айтымында, 1998-жылкы экологиялык кырсыктын башталышы 1992-жылга туш келет.

- Өзүбүздүн кемчиликтерибизди билбей туруп А.Акаев баштаган жетекчилерибиз «Кумтөргө» кол салган. Ошондо айтканбыз биз: «Kумтөрдү кое турсаңар. Чет элдик фирмалар менен иштешке силердин тажрыйбаңар жок. Адегенде кичинекей кендерден баштагыла!». Болбоду. Мына эми билинип отурат. Негизи анын ары жагында президентибиздин кызыкчылыгы бар экен да. Колунан кармап алынбаганы менен деле баары бир билинип калды да. Себеби бул жерде 716 тонна алтын бар. Бул дүйнөдөгү эң ири он кендин бирине кирет. Биз башынан ката кетирдик да. Мен а кезде парламенттин депутаты элем, депутаттык комисиянын төрагасы элем. Көп нерсени айттык, болбоду. Болуп өткөн кырсык булардын А.Акаевге таянып алып өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип алгандан башталды. Негизи кырсык ошондон башталды.

Шергазы Мамбетов Барскоон кырсыгына учурунда баа берилбегенине жергиликтүү, борбордук бийликтин иш билбестиги себеп болду деген пикирде.

- Биз комиссияда иштеп көрдүк. Биздин райондон, облустан, республика жетекчилеринен көп кемчиликтер кеткен. Силерге бөлүнгөн акчанын көбү капкайдагы бир санаторийлерге бөлүнүп кеткен. Биз ошолорду айтып эле келдик. Өзүңөр билесиңер тоолуу республикабыз. 95% тоо. Тоо болгондон кийин кен да көп. Советтер учурунда жакшы чалгындалган, көп кендер бар. Эми ошону түшүнүп иштетип алсак оңолобуз. Ошого барбай атат. А.Акаев болсо жасайбыз, аткарабыз деп убада кылып жүрүп кетти. Азыркылардын деле андан ашып кеткен жери жок. Мына бир жылдан ашты.

«Алтын» чатагы көбүнесе «Кумтөр» менен башталып, анын айланасында өчүп-жанып келатат. Парламенттин көшөргөн каршылыгына карабай, кыргыз өкмөтү 2004-жылы «Кумтөр» алтын кенин биротоло канадалык компаниянын колуна салып берген. Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын президенти, экс-депутат Орозбек Дүйшеев адистерди өзгөчө кабатыр кылган маселе түбөлүк муз үстүндө кенден чыккан уулуу суу сактагычтын курулуп калышы дейт.

- Табигый байлыктардын баары жалпы элдин энчиси болуп эсептелет. Бул келечек муундун да энчиси, ошолорго да тийиши керек. Кайрадан түзүү шылтоосу менен «Кумтөрдү» «Центера Голд» компаниясына берип койгонуна биз каршыбыз. Бул маселени мурунку чакырылыштагы депутаттар беш жолу угуу өткөргөнбүз. Аягында мурунку өкмөттүн ишине саясий баа бергенбиз. Элдин кызыкчылыгын саткан мурдагы өкмөт кызматын таштап кетти, ага коюлган күнөөнүн бири мына ушул алтын маселеси. Бирок да бул маселе алиге чейин чечилбей келатат. Анын укуктук татаал маселелери бар экен. Анын үстүндө иштеп жатабыз. Өткөн жылы 15 тонна алтын өндүрүлдү. Анын өздүк наркы бир граммы болжол менен 6 – 7 доллардан ашпайт. Алтындын дүйнөлүк баасы 15 –16 долларга жетпедиби. Мына, айырмасы канча. Биздин эсеп боюнча өткөн жылы эле дивиденд катары 50 –60 миллион доллар акча Кыргызстанга түшүш керек эле. Ал түшпөй калды. Мына ушундай эсептерди биз ассоциациянын башкармалыгында карап эсептерин чыгардык. Азыр биз 600 – 700 доллар жоготуп коюп жатабыз. Дагы бир маселе экологиялык коопсуздук. Алтын кен комбинаты тоң жерге курулган. Уулуу суу сактаган жердеги кум жылып кетеби же кетпейби? Ошону илимий жактан далилдеп изилдеп чыгуу милдети турат.

Парламент төрагасынын орунбасары Эркин Алымбеков мурдагы келишимди кайра карап чыгып, иштеп аткан, мындан ары келе турган инвесторлорду чочутуунун кажаты жок, деген пикирде. Чиелешкен маселени мыйзам негизинде ынтымакка келип чечүү зарыл.

- Биз экономикага да оор зыян алып келишибиз мүмкүн. Эегр эларалык сот чечим чыгарып койсо кыргыз өкмөтү аны аткарышка мажбур.

1992-жылдан тарта канадалык компания Кумтөрдө чалгындоо иштерин жүргүзүп келатат. 2002-жылдан тарта бул ишке кыйла каражат сарптап, казылып аткан кенден анча алыс эмес жерден дагы 80 тонналык жаңы кенди табышты. Ошентип «Кумтөр» алтын кенин иштетүү 2010-жылга чейин узартыла тургандыгын адистер эмитен эле айта башташты.

Буга чейинки он жыл ичинде оор экологиялык кырсыкты башынан кечиришкен барскоондуктар жаңы кендин ишке киргизилиши тууралуу кабарды кыйла эле салкын-суз кабыл алышууда. Антишке алтын кенден чыккан уулуу суу сакталган жайдын калтыс жерге курулганы, күн сайын Барскоон капчыгайы аркылуу өйдө-ылдый каттаган оор жүк машинелердин түтүнү менен чаңынан табияттын жабыр тартып жатканы себеп болууда.

1998-жылкы экологиялык кырсыктан жапа чеккен жергиликтүү калктын тарткан зыяны үчүн айыппул төлөп берүү кыйла ары-сүр бери сүр менен 8 жылдан кийин араң ишке ашууда. Айтса, 1998-жылдын 20-майындагы кырсыктан жапа чеккендерге деп «Кумтөр» алтын кен компаниясы ошол эле жылы которуп берген 94 миллион сомдун кыйласы солго жумшалып, анын азганакай бөлүгү чоңдоруна 1000 сом, балдарына 500 сом акча деп таратылып берилген. Аз өтпөй кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министри Нью-Йоркко барып мунасага келүү жөнүндө келишимге кол коюп кайткан. Ошону менен талаштуу иш бас-бас болунган.

Ушу азыр деле «Кумтөр» алтын кенинин эколог адиси Эрик Кожомкулов аз өлчөмдөгү цианид уусу адамга коркунучсуз деп келет.

- Цианид өзү уу деп эсептелет. Ар бир организмде цианид бар. Балким ушул жерде отурган эркектердин 30% тамеки тартышат. Тамеки чеккенде андан сөзсүз цианид организмге кирет. Ооруканда дарыланганда деле «Цианакоболамин» дарысында деле цианид бар. Кичине өлчөмдө бул организмге керектүү зат. Бирок да чоң концентрацияда бул зыяндуу, адамды өлтүрөт. Фабрикадан чыккан калдыктар 1 литр сууга 30 – 40 миллиграм болушу керек. Аны тазалоо зарыл. Биз болсо аны жакшы тазалап 0001 концентрациясын куюп жатабыз. Биз зыяндуу сууну июнь, июль, август, сентябрь - 4 айда гана төгөбүз. Экология, өзгөчө кырдаалдар министрлиги такай, мамлекеттик тоокен ишканаларын текшерүүчү уюм үч айда бир жолу келип текшерип турат. 1999-жылдан бери тазалоо ишин баштаганбыз. Ошондон бери бир да жолу нормативден ашырган жокпуз. Ошон үчүн элдин цианид көп, бизди өлтүрүп атасыңар дешкени туура эмес. Бүт баары нормада болуп жатат.

Тосор айылынын тургуну Калый Орозбаковдун айтуусунда, «Кумтөрдүн» байлыгынын ыраатын көргөн мурдагы президент качып кеткен. Эми эл менен өкмөт кырсыкты кантип жеңүүнүн жолун издегени ийги.

- Алчубузду алып атабыз. Берчүсүн берип жатат. Мурун эле мыйзам бар экен. Бизге делген ырыскыны айрым алкы бузуктар, жана айтып жатпайбы, санаторийге бериптир, жол салганга бериптир, мына ошентип отуруп биздин акчаны бөлүп ийген,- дейт Калый аксакал.

Мындан сегиз жыл илгери өткөн экологиялык кырсыктын карааны дагыле Барскоон капчыгайын аңдып отуру. «Жетиөгүз» токой чарбасынын башчысы Кадыр Жумаев алтын кенчилер 494 миң сомдук зыян алып келгенин, жол боюна жаңы отургузган көчөттөрү 1998-жылы кыйгас куурап калганын ырастап, күнөөлүү тараптан айыппул өндүрүп алуу талабын койгон.

- Боз үйдөй болгон жапалак арчалар куурап калган. Мына жанагы 1- 2-көпүрөнүн ортосундагы саздын жанындагы карагайлар куураган. Илимдер академиясынан келишип бактар эмнеден куураганын аныктаганы текшергени алып кетишкен. Андан кийцин көз карандысыз эксперттер келишип жыйынтыгын берип кетишкен. Жетиөгүз токой чарбасынын эсеби туура деген. Токой тарткан зыянды 494 миң деп жазып алып барсак өкмөттө отурган Жаныш Рустенбеков бизди басып койгон. Бул жакта элди тыялбай жатсак, токой мамлекеттики деп биздин оозду жаап койгон. Экинчи бир маселе. Бизге айтпай туруп текшерип-изилдөөгө деп жылыга академияга акча бөлүшөт. Канча акча экенин айтышпайт. Баары жашырын. Академиядагылар келип жол жээгине бак тиккен болушат, анын өскөнүн көргөн жокмун. Мен Бишкекке кайрылсам, кайра экспертиза дейт. Эй, 1998-жылы куураган дарактарды эми кайдан табам? Куураган көчөт кантип сегиз жыл турсун! Баарыбыз көрүп турабыз, карагайы болобу арчасы болобу чаң басып турат. Тирүүдөй, бирок өлүк.

Барскоон айылындагы медициналык борбордун жетекчиси Бактыгүл Иманкожоева бийлик экологиялык кырсыктын салакасын элге айттырбай, бейөкмөт уюмдарды куугунтукка алып, чындыкты кыйла жыл жашырып келгенин билдирди.

- Биз 1998-жылы эле ушул маселелерди көтөргөнбүз. «Кумтөрдүн» саясатын колдогон өзүбүздүн эле коопсуздук кызматтын жигиттери бизди аңдып, кысып келди.

Жаңы алтын кендин ишке кириши артынан дагы толгон-токой экологиялык проблемаларды артына келбейби? Бул суроону «Кыргызалтын» акционердик коомдун вице-президенти Максат Жээналиевге узаттык.

- Бул кендин ачылышы, жаңы кенди кеңейтүү тууралуу «Кумтөрдөн» өтүнүч өкмөткө келип түшкөн. Аны азыр адистер карап жатышат. Экинчи этабында бул маселелер сөзсүз эске алынат деп ойлойм,- дейт М.Жээналиев.

Жетиөгүз районунун акими Замир Турдукеев Барскоон капчыгайын акмалаган экологиялык кырсыктын шаасын аз да болсо азайтуу амалында ушу тапта жергиликтүү адистердин жардамы менен суу чачкыч машинелерди топтоп, жолду чаңытпай кармоо аракетин жасай тургандыктарын маалым кылды.

«Кумтөр» алтын кен компаниясынын эколог адиси Эрик Кожомкулов чаң жолду асфальттоо өтөле кымбатка түшөрүн айтып, компания азырынча алдына андай максат-милдетти кое электигин билдирди. Мындан келди, Барскоон капчыгайы дагы беш жыл чаң менен түтүнгө ышталуу коркунучуна капталышы турулуу иш. Каткалаң муз үстүнө салынган уулуу суу тосмонун дагы кайсы жери жырылып кетери белгисиз. Бул жерде жалпы Кыргызстандагы уулуу суу тосмолорунан көп көлөмдөгү коркунучтуу зат, болгондо да Нарын дайрасынын алабында сакталып туру.

XS
SM
MD
LG