Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

КОРРУПЦИЯ КОКОСУНА КӨК ТИКЕН


4-июлдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары Президент Курманбек Бакиевдин Казакстанга жасалчу расмий сапары жана өлкөдөгү коррупция тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.

4-июлдагы “Агым” гезити “ Оппозиция бир кишиге көбөйдү!” деген баш сөз менен чыкты. “Коррупция кокосуна кок тиккен!” деген фотоколлаж да берилип, пилдин мурдуна асылып турган Жогорку кенештин депутаты Азимбек Бекназаровдун сүрөтү жарыяланды.

“Агымдын” “Беш сап саясый дидар” рубрикасында бул ирет “Саясат сайда калтырган, сагызган болот дечү эле” дешип Данияр Үсөнов, Аликбек Жекшенкулов жана Акылбек Жапаров тууралуу кеп кылышкан.
“Ажосунун "саунага барып эс албайсыңарбы..." деген сөзүн катта эшитип алганбы, айтор, 1-вицеликке өтүшүн Данчик мырза катта жууп-майлап, коллега-санаалаштарынын көңүлүн алуу менен ишин баштады. Акаев заманындагы ашынган амбициясынын кесепетинен сокку жеп, кыйла жылдар бою көмүскөдө шүк жүргөнү эч кимге жашыруун эмес. Анан төңкөрүш желаргысынан кийин саясый аренага "мен кыйын" маанисинде чыга калып (Акаевдер мүлкүн териштирип, оппозицияга тил кайрап ж.б.), алабарман жүрүшүнүн айынан депутаттардан баш көтөргүс сокку жеп, бир жылдай дымып жатты. Бирок, бакытка айла жок экен, кайрадан ажосунун кареги менен тең ойноп, саясый майданга сылык-сыпаа мамиледе жылт этип, көздөгөн мүдөөсү 1-вицеликке бакыйып отуруп калды,“- деп маалымдайт “Агым” гезити.

Аликбек Жекшенкулов тууралуу да ушул гезитте мындай пикир айтылат: "Беш кол тең эмес" дейт, Салиевичке канчалык "любимчик" болбосун, анын тегерегиндеги таасирдүү аткошчуларына тээ төңкөрүштөн бери эле жага бербейт. Өзгөчө Үсөн ака мурдун чүйрүп, "Акаевдин куйругу" катары тымызын ичинен тиштенип жүрөт. Акүйдүн 7-кабатындагы айрым үлкөн жаш бөрүлөрдүн пикири да ушундай экен. Күзгү интрига оюндарынан Аликбек мырзаны ээрден оодарабыз деген да пикирлер айтылууда...” деп маалымдалса, ал эми Акылбек Жапаров тууралуу: “Министрликке келгени катуу өзгөрүлүп, оппозициядагы табакташтарына ачык эле далысын салып кеткени менен таңгалдырган. Акыркы маалыматтарга таянсак, финансы маселесине байланыштуу Курманбек Бакиевден катуу тил угуп, анысы аз келгенсип, жаңы күч Данияр Үсөнов менен ымаласы келишпей, "сандар чатагы" боюнча катуу тирешүүсү башталыптыр. Айтор, балабаатырдын башында кара булут,”- деп жазат “Агым”.

“Бийлик Аскар Акаевдин жана Акаевдердин жеп ичкенин бир жарым жылдан бери эрмек кылып этегине чыга албай келет. Эмнеге?! Маселе мына ушул жерде турат. Кезинде бул иштин сары изине түшкөн Азимбек Бекназаров: “мен Акаевдерге байланыштуу жүздөн ашык кылмыш ишин козгогон болчумун, бүгүн алардын бири да сотко өткөн жок” деп анын себебин эмдигиче менчик бөлүшүн буталбай жатышкан акүйчүлөргө жылдырат. Аскар Акаевдин өлкөгө келтирген зыяндын суммаларынан элдин башы адашып бүттү” деп жазуу менен “Агымдын” кабарчысы Жеңишбек Эдигеев ыңкылапчылар ич ара олжого көз арткан бөрүлөрдөй бири- бирине тиш кайрап жатышканын, өлкө байлыгынын олчойгон бөлүгү эбак чет өлкөлөргө чыгып кеткенин, аны далилдөө кыйынга тураарын талдоого алып, маалымдайт.

“Кыргыз руху” гезити “Үйдү түрттүрүүгө болот, а системанычы?” деп суроо коюп, жооп издейт. “Өкмөт башчысы Феликс Кулов Бишкек мэри кезинде мыйзамсыз курулган 150 үйду түрттүрүп салганын эскерип, мыйзамсыз иштерге ушундай мамиле керектигин эскерткенин “Кыргыз руху” талдоого алып, дале көп мыйзамсыз жоруктар болуп жатканын мисалга келтирген.

“Бей- бечаралардын үйүн түрттүрүп коюш оңой, ал эми “особняктарды” түрттүрүп салыш оңой- олтоң иш эмес. Андай иш үчүн атышуу болуп кетиши мүмкүн. Революциядан бери атып кетүүлөрдүн баары ошондой мүлк талашуудан келип чыгып жатканы жашыруун эмес” деп жазат “Кыргыз руху” гезити.

“Аскар Акаев кетсин” идеясы картайды, башка элдик идея керек деп ушул гезиттин кабарчысы Айзада Абазова маселени кабыргасынан коюп, “башка идея бар, ал социализм идеясы. Учурда Швеция, Франция, Норвегия өңдүү өнүккөн батыш өлкөлөрү бул идеянын шарапатын көрүүдө. Биздей каратаман элди көтөрүү үчүн дал ушундай коомдук идея керек болуп турат” деп белгилейт автор.

“Эркинтоо” гезити : «Эгемен Кыргызстандын турмушунда саясатка, экономикага «физиктин көзү менен» караган эки инсан бар эле. Алардын бири – экс-президент А.Акаевдин өлкөдөн чыгып кеткенине бир жылдан ашты. Экинчиси, жумурай журтка аттын кашкасындай таанымал саясатчы, ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаев дале болсо өз өмгөгүнөн тайбай, «чынжырдагы токтун күчүн» чыңалууда кармап келет. Өмүрбек Чиркешович – чындыгында эле бараандуу саясатчы. Он беш жылдан бери шайлоочулардын арзуусун алган бул депутат кандай гана маселе болбосун «буканы мүйүздөн алгандай» талуу жерин таап, ириген жерин ийне менен чукуп кирет да бирок, аягына чыга албай ара жолдо жыгылат. Буга анын мүнөзүндөгү кежирлиги, текеберлиги, өз башынан өйдө аттай албаганы же чакан бир саясий топтун санаасында калганы ар дайым жолтоо болот. Баштаган ишин артык кылам деп тыртык кылып алат. Орустар айтмакчы, Өмүрбек Чиркешовичтин «бедасы» ушул. Кылдан кыйкым издеп «казан-аякка» чейин киришип кетет»,- деп сынга алат «Эркинтоо» гезити.

“Жаңы кылым” гезити Москвада кыргыздар жашыруун завод ачышып, чет өлкөлүк кымбат баалуу атыр, жыпар жыттуу сууларды, шампундарды чыгарып, Москва шаарынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан кармалганын маалымдайт.

“Күздөгү саясый климат жайкыдан да алда канча ысык болгону турат. Өлкөдөгү саясый кырдаалдын өнүгүшү ошону ырастоодо. Оппозициячылардын курултайы күзгө жылдырылды. Ага чейин бийликтегилер адат болуп калгандай 5- августта Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын курултайын өткөрүп, анын төрагасын шайлаганы жатышат” деп маалымдайт “Жаңы кылым” гезити.

“МСН” гезитине өлкөнүн ички иштер министри Мурат Суталинов кеңири маек куруп, анда буйуртма өлүмдөр, милицияны реформалоо, коррупция, депутаттардын кысымдары тууралуу кеп кылган. “Коррупцияны ооздуктоо үчүн өлкө атуулдары, чиновниктер 5 миң доллардан жогору буюм, унаа же башка нерсе сатып алса, дароо ал акчаны кайдан, кандай жол менен тапканын иликтөө зарыл. Ошондо гана коррупцияга балта чабылат. Ал өзүнөн өзү жоголот эле. Литвада мындай ыкма колдоноору менен коррупция жоголуп, чет өлкөлөргө кире качты. Бизге да мына ушундай мыйзам зарыл болуп турат” дейт Мурат Суталинов.

“Кытайдын Артыш шаарында “Дордой” компаниясы менен биргелешип, улуттук суусундуктарды чыгаруучу 2 завод куруп бүтүп калдык. Ачылыш аземи 15-июлда болмокчу” дейт “Шоро” фирмасынын жетекчиси Табылды Эгембердиев ” Кыргыз туусуна” гезитине берген маалыматында.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG