Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Кыргыз-тажик чегарасын бузуп кирген тажикстандык атуул кармалды


БАТКЕН. Бул тууралуу кабарды Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын укук коргоо жана коргонуу органдары боюнча бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев 4-июлда Азаттыкка маалым кылды.Тажикстандын Исфара районунун тургунун Баткен айылынын Аксай айыл өкмөтүнүн аймагынан мыйзамсыз отун алып кайткан жеринде кыргыз чегарачылары токтотушкан. Тажик атуулу качууга аракет кылганда чегарачылар асманга ок чыгарып колго түшүрүшкөн. Учурда кармалган тажик атуулу Көкташ чегара заставасында суракка алынууда.

Сабыр Абдумомунов

XS
SM
MD
LG