БИШКЕК. Премьер-министр Феликс Кулов «Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыздоо жөнүндө» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштады. Долбоордо Чернобыль АЭСиндеги кырсыкта майып болгондордун пенсиясы сегиз эсе көбөйтүлөрү каралган. Мындан тышкары экинчи топтогу майыптардын пенсиясын сексен, үчүнчү топтогулардыкын алтымыш пайызга көтөрүү каралган. Долбоордо пенсиянын өлчөмүн 2006-жылдын 1-июлунан баштап көтөрүү белгиленген. Парламенттин келерки сессиясы 1-сентябрда башталат.
Бурулкан Сарыгулова
Бурулкан Сарыгулова