Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

ТИМ АКШ базасына байланышкан сүйлөшүүнүн тездешине кызыкдар


БИШКЕК. Антитеррордук коалициянын Бишкектеги аба-аскерий күчтөрүнө байланышкан сүйлөшүү жараянын мүмкүн болушунча тездетүүгө Кыргызстан тарап кызыкдар. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович менен болгон жолугушууда ушундай пикирин билдирди. Авиабазаны Кыргызстанга жайгаштыруу тууралуу келишимдин ижара акысына байланышкан жаңы долбоорун АКШ менен Кыргызстан өкүлдөрү июнь айынын башында биринчи баскычта Бишкекте жабык талкуулашкан. Экинчи баскычы качан болору ачыкталган эмес.

XS
SM
MD
LG