Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин Казакстанга расмий сапары башталды


БИШКЕК. Казак агенттиктеринин маалыматына ылайык, президент Курманбек Бакиев баштаган расмий делегацияны бүгүн кечке жуук Астана аба майданында тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев баштаган мамлекеттик жетекчилер тосуп алды. Расмий сапардын учурунда эки мамлекеттин президенттери Назарбаев менен Бакиев чакан жана кеңири чөйрөдө жолугушуп, кызматташтыкты тереңдетүү декларациясына кол коюшат. Президент Бакиев ошондой эле казак өкмөт башчысы Даниял Ахмедов, парламент төрагасы Урал Мухамеджанов менен жолугушмакчы. Расмий сапардын алкагында кызматташтык тууралуу он эки документке кол коюлаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG