Кош бойлуу аялдар менен энелердин өлүмү билим- илимдүү кишилердин башка өлкөлөргө жер которуу процесси менен тыгыз байланыштуу. Анткени андай жер которууга башка адистер менен кошо квалификациялуу дарыгерлер менен медсестралар да мажбур болушууда. Мисалы Нью- Йоркто эле Ганадан келип, олтурукташып калган доктурлардын саны 600 кишини түзөт. Ал эми экономикасы салыштырмалуу өнүккөн Ганада баарын эсептегенде 2 жарым миңдей доктур бар, ошентип алардын төрттөн бири чет элде, болгондо да Нью-Йорк шаарында иштеп жаткан болот.
Аялдардын өлүм көрсөткүчүнүн жогору болгондугунун дагы бир себеби кедей өлкөлөрдө саламаттык сактоо тармагына аз акча бөлүнүп жатканында. Абалды жакшыртуу үчүн жылына бир кишиге 45 доллардан эле акча бөлгөндө, акыбал алда канча жакшырмак.
АКШдагы аялдар маселелерин изилдөө борборунун кызматкери Гита Рао Гупта муну адам укуктарынын проблемасы катары сыпаттап, аны чечүү үчүн өкмөтөр менен соопчулук уюмдары, мисалы, Билл жана Мелинда Гейтстин соопчулук уюмунун биргелешкен аракеттери жетиштүү болоор эле, деген пикирде.
Тышкы байланыштар Кеңешинин жооптуу кызматкери Изобель Колемандын көз карашында аялдардын саламаттыгы үчүн жакшы кам көрүлүп жаткан өлкө катары Иранды мисал келтирсе болот.
"Бул тармакты алсак Ирандын мисалы өтө кызыктуу, анда үй бүлөнү пландаштыруу жаатында көп ийгиликтер жетишилген. Ислам революциясынан кийин өкмөт төрөттөрдүн санын көбөйтүү үчүн атайын кампания баштаган. Бул кампания Иран- Ирак согушу учурунда, өлкөдө өлүм көп болгон чакта башталып, патриотттук демилге менен аялдар көп балаалуу боло башташкан. Андан соң өлкө калкты тез аранын ичинде көбөйүп кеткенин көргөн өкмөт бул программмасын токтотуп койгон",- дейт Колеман.
Колеман Ирандагы көрсөткүчтөрдү мисал келтирет.
"Он жылга жетер - жетпес убакыттын аралыгында дүйнөдө төрөттөрдүн саны боюнча орунга чыккан Иранда бала төрөө кескин азайып, ар бир үй бүлө орто эсеп менен экиден бала гана күтүп калган. Бул максат маалымат каражаттарын кеңири тартуу, аялдардын ден соолугуна кам көрүүнү жакшыртуу жана контрацептикалык каражаттарды кеңири колдонууну пропагандалоо жолу менен жетишилген" ,- дейт Колеман.
Бүгүн Иранда ар бир 370 аялдын бирөө гана төрөттөн жана кош бойлуулук маалында каза табат. Бул батыш өлкөлөрүнүкүнө салыштырмалуу жогорку көрсөткүч болгону менен кошуна турган Ооганстан менен Пакистанга караганда бир кыйла төмөн.