Түндүк Корея кыска радиуска эсептелген жана узак аралыкка учуу мүмкүнчүлүгүнө ээ баллистикалык ракеталарын сыноодон өткөрүп, алардын баары ийгиликсиз аяктады. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматтары боюнча Пхеньян “Тепходон-2” деген аталыштагы баллистикалык, жалпысынан беш ракетасын сыноодон өткөрдү. Соңку маалыматтарга караганда бул маселенин Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде каралышы күтүлүүдө.