Венеция комиссиянын мүчөлөрү бүгүн парламент спикери Марат Султанов менен дагы жолугушат. Ага депутаттар жана Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү катышат. Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев 4-июлда билдирди. Венеция комиссиянын мүчөлөрү үч түрдүү башкаруу системасына ылайыкташтырылган Конституциянын долбоорун жазган жумушчу топтун мүчөлөрү менен 4-июлда өкмөт үйүндө жолугушкан эле.
Венеция комиссиянын мүчөлөрү конституция долбоорлору боюнча Жогорку Кеңеш депутаттары менен пикир алышат