Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Социалдык тармак кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүгө өкмөт 430 млн сом которот


БИШКЕК. Билим берүү, саламаттык сактоо, илимий мекемелердин, эмгек жана социалдык жактан коргоо тармактарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттен 430 миллион сом которулат. Бул тууралуу каржы министри Акылбек Жапаров бүгүн журналисттерге билдирди. Жапаровдун айтымында, мындан ары социалдык тармак кызматкерлеринин орточо маянасы 1529 сом болот. Бул жыл башындагы маянадан 275 сомго көп. Президент Курманбек Бакиевдин жардыгына ылайык аталган тармактардын кызматкерлеринин айлыгы 20%ке көтөрүлгөн.

Бурул Сарыгулова

XS
SM
MD
LG