БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин Казакстанга жасаган расмий сапары бүгүн аяктап, Кыргызстанга жол тартты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Клара Кабилова кабарлады. Эки күндүк сапардын учурунда Бакиев Казакстандын Нурсултан Назарбаев баштаган мамлекеттик жетекчилери, ишкер чөйрө менен жолугушту. Расмий сапардын алкагында кызматташтыкты тереңдетүү боюнча декларацияга кол коюшту. Мындан тышкары тараптар кызматташтык боюнча ондон ашык макулдашууга кол коюшту.