Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Уйгурларга кысым көрсөтүүнү токтотуу тууралуу Кытай өкмөтүнө талаптар коюлду


БИШКЕК. Бүгүн уйгур улутундагы кыргызстандык отуз чамалаш жаран Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдында пикет өткөрүп, Кытай бийлигин Шиңжаң уйгур автоном облусунда жашаган уйгурларга кысым көрсөтүүнү токтотууга чакырды. Алар ошондой эле март айында Ташкенде кармалып, июнда Кытай бийлигине өткөрүлүп берилген Канада жараны Хусаин Жалалды бошотууну, АКШдагы уйгурлар ассоциациясынын төрайымы Рабия Кадырдын балдарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышты. Пикетчилер ушундай мазмундагы кайрылууну Кытай элчилигине тапшырышты. Анын бир көчүрмөсүн БУУнун баш катчысы Кофи Аннандын дарегине жолдошту.

XS
SM
MD
LG