Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:16

БУУнун Коопсуздук Кеңеши жана НАТО Түндүк Кореяны ракеталарын сыноодон өткөргөндүгү үчүн айыптады


Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чукул чакырылган жыйынында Япония Пхеньянга карата санкцияларды киргизүү каралган резолюцияны кабыл алууну сунуштады. Мындай сунуш АКШ жана Британия тарабынан колдоого алынды. Кытай менен Россия Түндүк Кореяга байланыштуу маселе дипломатиялык жол менен чечилиши керек деген пикирин билдиришти. НАТОнун кеңеши да Түндүк Кореянын кадамдарын сынга алган билдирүүсүн таратты. Түндүк атлантика альянсы Пхеньяндын бул аракеттерин эл аралык коопсуздукка коркунуч туудурган көрүнүш катары баалады.

XS
SM
MD
LG