Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

ДИНИЙ ЛИДЕРЛЕР ЧОҢ СЕГИЗДИККЕ ДЕКЛАРАЦИЯ ЖОЛДОШТУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Москвада Дүйнөлүк диний саммиттин иши соңуна чыкты. 49 өлкөдөн чогулган диний жетекчилер терроризм менен зордукчул аракеттерди сынга алып, орток декларация кабыл алышты.

Бейөкмөт уюмдардын жолугушуусунан айырмаланып, диний лидерлер чоң сегиздик саммитине кандайдыр сунуштарды киргизбей турганын, анткени саясатка кийлигишүүдөн алыс экендиктерин билдиришти. Россиянын православ чиркөөсү уюштурган үч күндүк саммиттин учурунда диний жетекчиликтин терорризмди ооздуктап, жаңжалдарды жөнгө салуудагы ролу баса белгиленди. Ошону менен бирге эле саммиттин соңунда өткөн пресс-конференцияда россиялык мусулмандардын диний лидери Равиль Гайнуддин саясатчыларды диний жетекчиликтин үнүнө көбүрөөк кулак салууга чакырды.

"Эгерде саясатчылар диний лидерлердин сөзүнө, пикирине кулак салбаса, катачылыктар кетип, бүткүл дүйнө динге карай жүз буруп кетет,- деди Россиянын мусулмандар муфтийи.

Чоң Сегиздик өлкөлөрүнүн саммитине жолдоно турган декларацияда диний лидерлер динди террочулук менен зордук- зомбулукту актоо үчүн колдонуп жаткан топторду сынга алышты. "Биз террорчулуктун кандай болбосун формасын сынга алып, аны дин менен актоо аракеттерин айыптайбыз" деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми орус ортодокс чиркөөсүнүн метрополити Кирилл кан төгүүнү актоо үчүн динди эч качан пайдаланууга болбой тургандыгын эскертти.

"Кан төгүүнү, зордукчул аракеттерди, бомба жардырууларды эч качан дин менен актоого болбойт. Анткени бул аракеттер кайсы болбосун диндин нарк-балуулуктарына кайчы келет. Эгерде бул эрежени кармансак, анда дүйнөдөгү кан төгүүнүн көбүн, анын катарында, аскердик аракеттерди токтотууга болоор эле",- деди Кирилл.

Жөөт жана мусулман диний лидерлери Израиль менен палестиндерди араздашууларды токтотууга үндөшсө, метрополит Кирилл Чеченстандагы зордукчул аракеттерди токтотууга чакырды.

Ал эми Германиянын протестант чиркөөсүнүн жетекчиси епископ Вольфганг Хубер алдыдагы Чоң Сегиздик саммитинде айлана чөйрөнү коргоо темасы да татыктуу орунга ээ боло турганына үмүтүн билдирди. Дүйнөдө 60-жылдарда башталган экологиялык кыймыл дал диний лидерлердин катышуусу менен башталганын эсиңиздерге сала кетели.

"Эколгиялык проблемаларды көтөрүү, табыгый ресурстарды туура колдонуу дал азыр бышып, күн тартибинде болуп турган тема. Менимче бул маселе Чоң Сегиздик өлкөлөрүнүн саммитинде козголууга тийиш. Анткени азыркы учурда энергетикалык коопсуздук эле эмес, ошол энергия булактарын туура пайдалануу көңүлгө алынууга тийиш,"- деди Хубер.

Бирок көп маселелер боюнча орток пикирде болгону менен диний лидерлердин айрым бир пикир келишпестиктери сакталып кала берип жаткан шекилдүү. 49 өлкөнүн диний жетекчилери чогулган саммитке Рим Католик Чиркөөсүнүн башчысы Папа Бенедикт-16 чакырылган жок. Тибеттин диний көсөмү Далай Лама дагы жыйынга катышпады.
XS
SM
MD
LG