Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

ЖАҢЫ КОНУШТАРДЫН ЖАНЫН КЫЙНАГАН МАСЕЛЕ КӨП


Акыркы 17 жыл ичинде Бишкек шаарынын айланасында 43 жаңы конуш пайда болду. Көпчүлүк конуштарда суу, жарык маселеси курч, мектеп жана бала-бакчалардын жоктугунан ата-энелер да, балдар да жапа чегишүүдө. 6-июлда Бишкекте өткөн жарандык форумда жаңы конуштардагы мына ушундай көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору талкууланды.

Мына ушул 43 жаңы конуштарда учурда үч жүз миңден ашуун жарандар үй курууда. Алардын көбүн жарык менен, суу менен камсыз кылуу маселеси жүрөк өйүп келет.

Райкүл Сатыбалдиева “Ала-Арча” жаңы конушунда 15 жылдан бери жашайт. Ал аталган конуштун кайсы бир районго караштуу болбогондугунан жарандык укуктары басмырланып жаткандыгын айтты: Мына бүгүнкү күнгө чейин же Ленин районуна карштуу эмеспиз, же Аламедин районуна карштуу эмеспиз. Ошондуктан каттообуз жок же жумушка орношо албайбыз, же банктардан кредит ала албайбыз. Кыскасы, биздин укуктарыбыз бузулуп жатат.

1990-жылдардын башында пайда боло баштаган биринчи конуштарда бир аз болсо да ички инфраструктурасы өнүгүп калды. Ал жерде мектеп, бала-бакчалар бар. Ал эми 1995-жылдан кийин салына баштаган жаңы конуштарда бул маселе курч турат, дейт Райкүл Сатыбалдиева: “Мына бул конушта бир да бала бакча. Бир да мектеп жок. Балдарыбыз мектепке жетиш үчүн 5 км жөө басышат. Кышында сууктан мектепке барбай калышат”, -дейт Райкүл Сатыбалдиева.

Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын бири”Ак -өргө“. 17 жыл аралыгында бул жерде суу, жарык маселеси толугу менен чечилди. Бирок бир да конушта жарандарга укуктук жактан кеңеш, жардам көрсөтө турган жайлар жок.

Ошондуктан ар бир конушта юридикалык кеңеш бере турган мекеме болсо деген пикирин “Ак-өргө” конушунун тургуну Элмира Нурматова айтты:
"Бизде суу, жарык маселеси курч турбайт. Бирок бир адвокат, же юридикалык жаткан кеңеш бере турган бөлүм болсо бизге чоң жардам болот эле" .

Мына ушундай көйгөйлүү маселерди чечүүдө өкмөт ар жыл сайын жардам көрсөтөбүз деп убада берип келет. Берилген убадалардын бири аткарылса, экинчилери ишке ашпайт. Шаардык кеңештин төрайымы Нуржамал Байболова бул маселелердин чечилбей жатканы мамлекеттин чөнтөгүнүн жукалыгына байланыштуу болуп жатат деп түшүндүрдү:
"Биз жаңы конуш деп жатып шаардын кичи райондорун унутуп койдук. Мына 7-кичи райондо бир да бала бакча жок. Ата-энелери чырылдап жатышат. Эми каражат жок болсо конуштардын көйгөйлөрүн кантип чечебиз. Ар конуштар бирден мектеп, бала-бакча салып койсок жакшы болбойт беле",- деди Нуржамал Байболова.

Бишкек шаарынын айланасында жаңы конуштарды курууга жер 1989-жылдан тартып бериле баштаган.

XS
SM
MD
LG