Минскиде бүгүн Беларустун социал-демократиялык партиясынын лидери Александр Козулиндин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот жараяны улантылат. Беларуста болгон акыркы президенттик шайлоодо талапкер катары катышкан Александр Козулинге массалык башаламандыктарды уюштурган деген кине коюлууда. Кечээ Козулин сот процессине күбө катары президент Александр Лукашенконун катышышын талап кылган.