Бүгүн Лондондо жана Британиянын башка шаарларында өткөн жылдын 7-июлунда Лондондогу жардыруулардан мерт кеткендерди эскерүү каадалары өткөрүлөт. Өлкөдө бул күнү коопсуздук күчөтүлөт. Террористтер тарабынан уюштурулган өткөн жылдагы Лондондогу жардыруулардан 52 адам набыт болуп, 700гө жакыны жараат алган.