Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

КУРМАНБЕК ОСМОНОВ: "СОТТОРДУ «ПЛИНТУСТУН» ДЕҢГЭЭЛИНЕН ДА ТӨМӨН ТҮШҮРҮП КОЮШТУ"


Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов Кыргызстандын сотторунун бешинчи курултайы өтөр алдында «Азаттыктын» кабарчысына интервью берип, республикадагы сот адилеттиги, конституциялык реформалар, шайлоолор жана Аксы окуясына байланышкан сот иштери жана башка маселелер боюнча өз пикирин билдирген.

- Курманбек мырза, алдыда соттордун курултайы болгону жатыптыр. Эмне маселелер көтөрүлөт? Адегенде ушул тууралуу айтып берсеңиз.

- Мына, Конституция өзгөргөндөн кийин өлкөдөгү бардык саясий система, бардык саясий институттар өзгөрүүгө дуушар болот. Албетте, сот системасы да ошондой өзгөрүүлөргө дуушар болот да. Мына ошого байланыштуу соттордун кезектеги бешинчи курултайы өткөрүлмөкчү. Анда сот адилеттигинин айрым маселелери боюнча жана сот системасын мындан ары өнүктүрүү чаралары жөнүндө маселе каралат.

- Бийлик бутактарындагы ыйкы-тыйкыга жаңы Конституция биротоло чекит коюшу керек деп көп саясатчылар айтып атышат. Жаңы Конституциянын долбоорлорундагы сот системасын реформалоого байланышкан өзгөрүүлөр сизди канчалык канагаттандырып атат? Дегеле жаңы Конституция долбооруна кандай карап атасыз? Таанышып чыктыңызбы?

- Эми президентибиз түзгөн жумушчу топ тарабынан Бекназаров баш болгон Конституциянын үч башкаруу формасына ылайыкташтырылган үч түрдүү долбоор түзүлдү. Андан мурда депутаттар Байболовдун, Сабировдун долбоорлору бар болчу. Мына акыркы долбоор «Эркиндик» партиясынын (Топчубек Тургуналиевдики деп койсок болот) долбоору бар. Буга чейин Конституциялык кеңешме дагы консенсуска келишүү боюнча жаман эмес, жакшы долбоорлорду иштеп чыккан. Мына ушул долбоорлордун тигиниси же мунусунун бирөө гана жакшы деген пикир жок.

- Сиздин өзүңүздүн тилек-пикириңиз кандай?

- Менин өзүмдүн көз карашым боюнча өткөндө конференцияда да образдуу салыштырдым, мына жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан долбоорлордо сотторду бу «плинтустун» да деңгээлинен төмөн түшүрүп коюптурсуңар деп. Албетте, жакшы жактары да бар. Сотторду узак мөөнөткө же пенсия жашына чейин, алтымыш беш, жетимиш жашка чейин шайлоо же дайындоо жагы - бул жакшы. Эми сотторду канагаттандырбай турган жагдай – жергиликтүү соттордун судьяларын жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайласын деп коюптур. Соттор мамлекеттик бийлик бутагы катары райондук соттон Жогорку Сотко чейин чечимдерди, өкүмдөрдү Кыргыз Республикасынын атынан чыгарат. Жергиликтүү кеңештердин атынан чыгарбайт да. Бул дегеле жергиликтүү сотторду жергиликтүү кеңештер шайлаган болгон эмес тарыхта. Совет мезгилинде райондун, шаардын калкы шайлаган учурлар болгон. Анда партиялык органдардын көрсөтмөсү боюнча депутаттар менен кошо бир добуштан эле сотторду да шайлап койчу. Эми бул маселе дагы кандай башкаруу формасын тандап алабыз, ошого байланыштуу болуш керек. Мисалы, президенттик форманы тандап алсак, ошончо көп кишиге, кала берсе жергиликтүү органга көз каранды болгондон көрө жалгыз эле президентке көз каранды болгон жакшы эмеспи. Татаалдаштырылган процедуранын кимге кереги бар экенин мен алигиче жакшы түшүнбөйм.
- Ошол эле учурда талдоочулар, авторлор бул маселени сот системасын өркүндөтүүнүн, коррупциядан алыстатуунун жолу катары карап жатышат го. Ошого жараша мен сизден сурайын деп атам да, эмне үчүн соттордун кадыры дагы эле көтөрүлбөй атат? Мисалы, кечээ эле Ошто соттор көп жылга дайындалгандыгына таянып өзүн-өзү билип жатат деп укук коргоочулар нааразылык билдиришпедиби, уксаңыз керек.

- Мен соттун кадыр-баркы түшүп кетти, эмне үчүн көтөрүлбөйт деген пикирлерге кошула албайм. Кандай мамлекеттик башкаруу болбосун, кандай режим болбосун, баары бир сот адилеттигин ишке ашыруу мамлекеттик ички саясатынын негизги багыты, ички функциясы. Ал эми сотко эл ишенбейт дегенди соттук статистика менен төгүндөп койгум келет. Жылдан жылга бардык категориядагы иштердин саны соттордо көбөйүп атат. Эл ишенеби-ишенбейби баары бир сотко кайрылып, чындыкты соттон издеп атышат. Сотто болсо бир тарабы жеңет, бир тарабы жеңилет. Бардык эле жеңилген тараптар сот адилет болбой койду деп нааразы. Ошолордун айтканын эле абсолюттук чындык деп айтсак да болбойт. Сот жагабы-жакпайбы мыйзамдын негизинде иштейт, ал аркылуу мыйзамга ылайык чечим чыгарат.

- Ушул эле теманы улантсак. Сиз өзүңүз деле күбө болуп жүрөсүз, саясий чөйрөдө соттор саясатташып кетти деген пикирлер да айтылып атат. Бул акыркы мезгилде Аксы окуясынын жаңы жагдайларына байланыштуу кабыл алган Жогорку Соттун чечими, анан Куршаб шайлоо округу боюнча Түзбел шайлоо участогуна байланыштуу кабыл алган чечимди айтып атышат. Учурдан пайдаланып, сиздин көз карашыңызды уксак?

- Мен эки ишти тең билем. Коллегияда караган соттор айтышты. Аксы окуясы боюнча да биллем. Мен өткөндө парламентте да айттым, эми тергөө органдары койгон айыптын чегинен чыгып, (аларга эки эле айып коюлган да) соттор өз демилгеси менен адамдарды аткан үчүн соттоп жибере албайбыз да. Кала берсе, кийинки ишти Жогорку Сот Башкы прокуратурадан келген корутундуга ылайык караган. Ал корутундуда жаңы ачылган жагдайга боюнча чыгарылган соттук чечимдерди бузуп, кайра тергөөгө берсеңер дейт. Жаңы ачылган жагдай катары Ракишев менен Кулуевдин көрсөтмөсүндө айырмачылыктар бар. Анткени бири «Тайфун» операциясы түшкө чейин киргизилген десе, экинчиси түштөн кийин киргизилген дейт. Бул жаңы ачылган жагдай деп эсептелбейт. Бул жөн эле бир шылтоо менен жиберген да.

Аксы окуясында беш адам акталган. Аларга эмне күнөө коюлган? Кылмыш кодексинин 305-беренеси боюнча өзүнүн кызмат абалынын чегинен аша чаап кетишкен жана 148-берене боюнча митинг, пикет өткөрүүгө тоскоолдук кылуу деген күнөө коюлган. Ошол эле аксылыктар, коомчулук, жарандык коом мыйзам ченемдүү жүйөөлүү талап коюп атышат. Ошол Аксы окуясында адамдарды аткан, ат деп буйрук берген адамдарды таап, юридикалык-укуктук баа бергиле деп атышат.


Ишти кайрадан жандандырып, тергеп, сотко ашырууга эч ким тоскоолдук кылган жок. Бул жерде жөн эле саясатчылардын саясий оюну болуп атат. Биз, сот органдары тескерисинче, саясатка кийлигишпейбиз.

Куршаб боюнча болсо райондук сот үч участокто кайра шайлоо болсун деп чечим чыгарыптыр. Биз көбүрөөк мыйзам бузуу Түзбелде көбүрөөк экен, чыныгы добуш берген адамдардын санынан жалпы тизменин айырмасы чыгып калыптыр, өлгөн адамдар, ал жерде жок адамдар да катышкан учурлар бар экен деп, кайра добуш берүү болсун деген чечим чыгардык. Анан 25-июнда БШК өкүлдөрү барып добуш берүүнү өткөрүүгө аракет кылышты. Бирок, эки тарап кагылышып, мушташып кетиптир, Эми бул жерде соттун кандай тиешеси бар? Сот саясатташып кетти деп айтууга кимдин укугу бар?

- Кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов Жогорку Сот бир аз туура эмес чечим чыгарып койгон, ал участоктогу шайлоону жокко чыгаруу менен чектелсе болмок, ошондо БШКда добуш берүү мөөнөтүн каалаган убакытка аныктоого мүмкүндүк берилмек деген оюн айтты…

- Сот андай чечим чыгарган жок. Чечимди окуш керек адегенде. Сот Кадыралиевдин негизинде БШКнын эки токтомун гана жокко чыгарды. Соттун чечиминде ошол жерде шайлоо өткөрүлсүн, баланча жерге дайындалсын деген нерселер жок. Мыйзамга ылайык БШКга кандайдыр бир аракеттерди жасоого милдеттендирүүгө биздин акыбыз жок. Ал эми эки жумалык мөөнөт сот тарабынан эмес, мыйзам тарабынан аныкталган.

- Кийинки бизди кызыктырган суроо сот тармагындагы кадр саясаты. Бүгүнкү кадрлардын акыбалы кандай?

- Эми соттордо көбүнесе менден мурда шайлангандар иштеп атат. Мына мен келгени, революциядан кийин деле аз эле кадрдык өзгөрүү болду. Пенсияга кеткендердин, каза болгондордун же мөөнөтү бүткөндөрдүн ордун кайра шайлоо болуп атат. Президенттин алдында сот иштери боюнча Улуттук кеңеш бар. Кадр тандоо принциби ушул кеңеш жөнүндөгү жобого ылайык ишке ашат. Кеңеш конкурс аркылуу эки этап менен кадрларды тандайт. Анын жыйынтыгы боюнча мага сунушталат, мен президентке, президент парламентке сунуш кылат.

- Кадр тандоонун бул принциби сизди ынандырабы?

- Бул принциптин жакшы жагы да бар. Анан иш жүзүндө терс жагы - көп жылдык тажрыйбалуу сотторду нааразы кылган учурлар да бар. Мисалы, ошол конкурстук тандоодо жаңы ишин баштап жаткан адистер менен көп жылдык тажрыйбалуу соттор бирдей шартта тыкыр текшерүүдөн өтүп жатат. Мисалы, мен Жогорку Соттон жергиликтүү сотко жетекчилик кызматка бирөөнү жөнөтсөм, бул жерде көп жыл иштегенине карабастан, комиссиядан өтүп атат.

- Сиз мурдагы мыйзам чыгаруучу депутат эмессизби, сот тармагындагы өксүктөрдү жөнгө салуу үчүн кандайдыр бир сунуштар-демилгелер менен чыккан учурларыңыз бар чыгаар…

- Мына Жогорку Кеңештин бир топ депутаттарына «Соттордун статусу жөнүндөгү» мыйзам долбоорун иштеп чыгып бердик, жергиликтүү соттор жөнүндө берип атабыз. Биз өзүбүз мыйзам чыгаруу демилгесине ээ эмеспиз. Ошондуктан, президентке, парламентке, өкмөткө беребиз. Кээ бири кабыл алынды, кээ бири кабыл алына элек.
Конституцияда сот адилеттигине катышууга жарандардын укугу бар деп жазылган. Бул боюнча «Сот заседателдери жөнүндө» долбоорду иштеп чыгып эчак эле бергенбиз.
Төрт чоң мыйзамга өзгөртүү киргизип, бергенбиз. Алигүнчө кол коюлбай келатат. Президентке да айттык, бул биздин каалоо эмес, элдин мүдөөсү, эл аралык коомчулук алдында милдетибиз. Анда адамды камакка алуу, эркиндигин чектөө, адамдын үйүнө барып тинтүү жүргүзүү өңдүү процессуалдык аракеттер соттун гана уруксаты боюнча ишке ашышы керек деп жазылган. Бул адам укугунун жалпы эл аралык декларациясында, жарандык, саясий укуктар боюнча эл аралык пактыда, анын протоколдорунда айтылган. Биз прокуратуранын же башка органдардын бийлигин, ыйгарым укуктарын тартып алалы деп жаткан жокпуз. Бул ар бир адамдын кызыкчылыгына төп келет.

- Курманбек мырза, бул акыркы суроом, соттордун эгемендиги материалдык базадан көз каранды экени белгилүү. Бул өңүттө жагдай кантип атат?

- Быйыл өкмөт да, Жогорку Кеңеш да, президент да жакшы эле колдошту. Сураганыбызды алдык. Кошумча, тогуз жарым миллион сом алдык, ремонт, башка иштерге жумшайлы деп. Ал эми жергиликтүү соттордун каржылоо өтө төмөн деңгээлде. Илгеркидей эле соттор калган каткан менен жашап келатышат. Каржылоону ачуу өкмөт менен каржы министрлигинин колунда да. Алар ар кыл шылтоо менен бөлүнгөн акчаны убагында бербей койсо баары токтоп калат экен.
Көпчүлүк мамлекеттерде сотторго бюджеттен кандайдыр бир процент алынат. Сотторду каржылоону согуш болуп аткан учурда да төмөндөтүүгө болбойт деген принциптер бар. Соттордун көз карандысыздыгынын негизги рычагдарынын бири –каржылык көз карандысыздык. Чыгымдарга өз акчасын өздөрү жумшайт.

- Айлык канагаттандырабы?

- Ортодо жүргөн айлык. Экономикалык жагдайды эске алганда, Жогорку Соттогулардын айлыктары жакшы эле. Бирок, мына алыс барбай эле Россия менен Казакстанда эки-эки жарым миң доллар эквивалентинде айлык алышат.

- Бул эми соттордун өз ишине кесипкөй эмес мамиле жасашын да шартташы мүмкүн да.

- Айлык деле анча кедергисин тийгизип атат деп ойлобойм. Сотто деле элдин патриотубуз дегендер иштешет. Буга кедергисин тийгизип жаткан нерсе: мыйзамда укуктук, эмгектик, социалдык көп кепилдиктер каралбай калган. Соттор корголбой калган. Формалдуу түрдө кол тийбестик бар. Азыр эми сотту өзүңүз көрүп атасыз, Жогорку Соттун далистеринде кимдер гана жүрбөйт. Райондук сотторду айтпай эле коеюн. Ал эми башка өлкөлөрдө соттук сакчылар бар, жасоолдор бар. Алар сот чечимин аткарганга жардам беришет. Иш маалында соттун имаратын, соттордун коопсуздугун камсыз кылуучу атайын органдар бар. Куралданган, формачан, атайын чиндери бар адамдар иштешет. А бизде алар жок.

Сот аткаруучулар аткаруу бийлигинин курамына кирип калган. Соттук департаментке кирет, ал Адилет министрлигинин курамында. Бул мамлекеттик башкаруунун үч бутакка бөлүнүү принцибине да каршы келет. Бул маселени көп жылдан бери көтөрүп келатабыз, бул орган биротоло Жогорку Соттун карамагына өтпөсө да, өз алдынча болуп, аткаруу бийлигинин карамагынан чыксын деп.

- Сиздердин демилге эмне үчүн колдоо таппай атат? Каржылык эле себеп болбосо керек?

- Каржылык себеп да бар. Анан ар бир бийлик өзүнүн колундагы органдарды бирөөнүн колуна бергиси келбейт экен да.

- Анда маегиңизге ырахмат.

Маекти уюштурган Бурулкан Сарыгулова, Бишкек

XS
SM
MD
LG