Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Мексикадагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары сентябрда жарыяланат


Мексикада миңдеген адамдар көчөлөргө нааразылык акцияга чыгышты. Алар президенттик шайлоого талапкер катары катышкан Андерс Обрадорго колдоо көрсөтүп, добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра эсептеп чыгууну талап кылышты. Расмий эмес маалыматтар боюнча президенттик шайлоодо Фелипе Кальдерон жеңип чыкты. Анын атаандашы, Мэхиконун мурдагы мэри Андерс Обрадор шайлоочулардын 35,31 пайызына ээ болсо, Фелиппе Кальдерон 35,88 пайыз добуш алган. Обрадор шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдирди. Мыйзамга ылайык, президенттик шайлоонун жыйынтыгы 6-сентябрга чейин расмий жарыяланышы керек.

Азиза Турдуева, Прага

XS
SM
MD
LG