Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Жалалабадда коркунучтуу кылмышкерлерди жок кылуу боюнча операция жүрүүдө


Бүгүн Жалалабад шаарында өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди кармоо боюнча ички иштер министрлигинин операциясы жүрүүдө. Аны ички иштер министринин орун басары Темирбек Субанов жетектөөдө. Бул тууралуу министрдин жардамчысы Аида Бакирова билдирди. Анын айтымына караганда, 9-июлда кечке жуук МАИ кызматкерлери Д1833S мамлекеттик номерлүү ДЭУ-Тико автоунаасын Жалалабад шаарынын Ленин жана Курманбек көчөлөрүнүн кесилишинде токтоткон мезгилде, андан чыккан эки адам милициянын кызматкери Мамасадык Турсунбаевди атып салышкан. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, издөө чаралары колдонулган. 10-июлда эртен менен Жалалабаддын чет жакаларын тинтүү учурунда куралчан үч адам каршылык көрсөтүп, үч милиция кызматкерин жарадар кылган. Учурда кылмышкерлерди издөө жана жок кылуу боюнча операция уланууда.

XS
SM
MD
LG