Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

ҮЙ-ЖАЙСЫЗ ЖАРАНДАРДЫН БИЙЛИККЕ ДООМАТЫ КӨП


Бүгүн, 10-июлда Бишкек мэриясынын алдына 200гө чукул адам пикетке чыгышты. “Алтын казык” коомуна кирген үйгө муктаж бул адамдар башкалаа бийлигинен Бишкектин четинен басып алган жерлерин тез арада мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышууда. Андай болбогон күндө, керек болсо айрым мамлекеттик чиновниктердин үйлөрүн басып алабыз деп коркутушууда.

Бишкек шаарынын күн чыгыш тарабында «Зеленстрой» деген аталыштагы аймакты үй куруу үчүн басып алган эки миңге жакын адам жер үлүшүн мыйзам чегинде талап кылып жатышкандыгын айтышты. Пикетке чыккандардын бири Гүлмира бул маселе боюнча өкмөттүн жана шаар жетечилигинин дарегине сын-пикирин айтты:

"Эгер Жогорку Кеңеш, Акүйдүн өкүлдөрү, чиновниктер бул маселени туура чечишпесе, бул жерде турган эл бардыгына барат. Аларды бийликке ушул эл алып келген, керек болсо, аларды бийликтен алып коюуга да элдин кудурети жетет. Учурда канча миңдеген адамдар үй-жайы жок сандалып жүрөт. Кыргыз элине өз жарандарына жер жок, сандалып жүрүшөт", -дейт пикетке чыккандардын бири Гүлмира.

Өкмөттүн 2005-жылдагы токтому менен учурда талаш-тартышты туудуруп жаткан 84 гектар жер Чүй областынын Маевка айылынын кармагынан Бишкектин карамагына өткөрүлүп берилген. “Алтын казык”коомунун башчысы Осмон Рыкулбековдун айтымында, алар 1 жылдан бери жашап, үй куруп жаткан жерге ээ болууга дал ушул өкмөттүн токтомунун негизинде толук укугу бар:

"Бизге эмне үчүн 4 теше жерди бербейт деп мен кейип жатам. Ар бир атуул кайсы жерде жашайт, өзү чечет. Ага президент да “сен бул жерде жаша, бул жерде жашаба” деп айтууга акысы жок. Ылдый жактагы таштанды жер аларга жакшы көрүнүп жатса, биз ал жерди бошотуп берели. Бизге болсо Көк-Жардан жана башка байлар үй куруп жаткан жерлерге ипотека кылып беришсин. Он жыл болобу, элүү жыл болобу, биз төлөп бүтөбүз", -деди “Алтын казык”коомунун башчысы Осмон Рыскулбеков.

Бишкек мэриясынын үй куруу департаментиинин башчысы Жыргалбек Рыспеков алар талап кылып жаткан 84 гектар жерде ылаңдап өлгөн мал көмүлгөнүн, таштандыларды ыргыта турган жер экенин баса белгиледи. Ал бул жер санитардык-техникалык жактан үй курууга болбойт, деп билдирди.

Шаардык кеңештин төрайымы Нуржамал Байболованын айтымында, таштанды жерде жашагысы келген адамдар өздөрүнүн ден-соолугуна гана зыян кылып жатышат.

"Ал жерде газдар, таштандыларды күйгүзгөндөн чыккан заттар адамга өтө зыяндуу. Мыйзамга ылайык, ар бир атуулдун жер алууга укугу бар. Бирок эмне үчүн жерди дал ушул Бишкектен алышы керек, мен муну түшүнбөйм”,- деди
Нурмажал Байболова.

Жер басып алгандардын бири, “Кербентай” коомдук бирикмесинин төрайымы Уулкан Чомоева алар коюп жаткан талаптар аткарылбаса, керек болсо чиновниктердин үйлөрүн басууга чейин барышаарын айтты:

"Бул жерде 2004-жылдан бери жүргөндөр бар. Көп балалуулар, майыптар көп. Мамлекет эми ушул кичинекей элди тейлей албагандан кийин, биз кайсы жакка барып жардам сурайбыз. Эми айла жок, биздин талаптарыбыз аткарылбаса чиновниктердин үйлөрүн барып басабыз. Алардын заңгыраган үйлөрүнө барип жашайлычы, көрөбүз анан бизди көтөрө алаар бекен, - дейт Уулкан Чомоева.

Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоев пикетке чыккандардын өкүлүн кабыл алып, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң чогулгандар тарап кетишти. Ошентип, шаар жетекчисинин тапшырмасы менен атайын түзүлгөн комиссия 11-июлда талашка түшүп келаткан аймакка бармакчы.

XS
SM
MD
LG