Бүгүн Бишкек мэриясынын алдына эки жүздөй атуул чогулуп, үй куруу үчүн бөлүнүп берилген жерлерди мыйзамдаштырып берүү талабын коюшту. Чогулгандардын өкүлдөрүн Бишкек мэри кабыл алып, маселени иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлөөрүн билдирди. Үй куруучулар талашып жаткан 84 гектар жер Чүй облусунун Маевка айыл өкмөтүнө караштуу болгон. Бирок өкмөт токтому менен ал Бишкек мэриясына өткөн жылы өткөрүлүп берилген.