Ооганстанда соңку мезгилде коопсуздук абал начарлагандыгына байланыштуу көптөгөн мектептер жабылууда. Бул тууралуу “Хьюман Райтс Уотч” укук коргоо уюмунун жаңы отчетунда жарыяланды. Анда мектептердин жабылышынын себептеринин бири катары мугалимдерге, студенттерге жана мектеп окуучуларына жасалган чабуулдар да аталган. 2005-жылдан бери өлкөдө 200дөн ашуун мындай фактылар катталган.