Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны болуп, анда Куршаб шайлоо округунда түзүлгөн кырдаал талкууланды. Жыйында Түзбел шайлоо участогун эсептен чыгарып, калган 31 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Санжар Кадыралиевди Жогорку Кеңештин депутаты деп табуу тууралуу токтом долбоору сунушталды. Бирок ал кабыл алынган жок. Бул арада депутат Мамат Орозбаев Конституциялык сотко кайрылып, мыйзамдуулукту камсыз кылуу талабын койгонун кабарлады.