Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:33

Эдил Байсалов : дипломаттарга байланыштуу чатакка Россиянын тиешеси бар


«Демократия жана атуулдук коом үчүн» деп аталган бейөкмөт уюмдар бирикмесинин башчысы Эдил Байсалов дипломаттардын жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар менен байланышын кадырэсе көрүнүш катары баалап, ал эми америкалык дипломаттарга коюлган айыптоону жосунсуз жорук катары баалады. Анын пикиринде, бул акцияны Россиянын атайын кызматы чоң сегиздиктин Санкт Петербургадагы саммитинин алдында атайын уюштуруп, Борбор Азияда ким кожоюн экенин көрсөтүүдө. Андан сырткары бул кыргыз бийлигинин жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдарга каршы аракети. "Бирок биз чет өлкөлүк досторубуз менен байланышты үзбөйбүз",- деп белгиледи Эдил Байсалов.

XS
SM
MD
LG