Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

ТҮРК ИНВЕСТИЦИЯСЫ АЗ, СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?


Экономикалык алака-бериштерди жакшыртуу, инвестиция алып келүү, аркыл иш чараларды уюштуруу милдетин аркалаган кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйыны Бишкекте өттү.

Түркияда 70 ашуун ишкердик кеңештери бар. Ошол жетимиштин катарында иш жүргүзүп келаткан кыргыз-түрк ишкерлер кеңеши 1991-жылы түзүлгөн. Бирок да түркиялык ишкерлер Кыргызстанга өтөле аз инвестиция жумшаган. Түркиянын тышкы соода мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, быйылкы жарым жылдыкта эки өлкөнүн ортосундагы соода алака-катыштын көлөмү 45 миллион доллар акчаны түздү. Анын 10 миллиону Кыргызстандын сыртка жөнөткөн товарлары, калган 35 миллион Түркиядан Кыргызстанга ташылып келген товарлардын баасы. Алдагыдай сандык көрсөткүч өтөле аз. Түркиялык ишкерлердин жүз миллиондогон жеке инвестицияларынын катарында Кыргызстан акыйкатта да четте калгандай таасир калтырат. Инвестициянын аз келишин Кыргызстан ишкерлер бирлигинин президенти Өмүрбек Абдырахманов үч жагдай менен түшүндүрөт.

- Бизде жакшы шарт болсо инвесторлор көп келе баштайт. Экинчиден, өзүбүздүн ички инвесторлордун да иши көбөйүп жакшы иштей баштайт. Ошон үчүн биз шартты оңошубуз керек. Шарт деген эмне? Салыктар көп, оор болбош керек. Экинчиси, ички туруктуулук керек. Үчүнчүсү, ошол кабыл алынган мыйзамдар иштеш керек. Туруктуулук бизде болбой жатат, ордуна тура албай атат. Салыктар да оор болуп жатат. Үчүнчү – мыйзамды аткарайын деген киши жок болуп жатат.

Бишкектеги эң ири соода жайынын ээси «Бета сторес» компаниясынын президенти Юсуф Угур Кыргызстандын экономикасына аянбай инвестиция алып келүү керек деген пикирде.

- КМШдагы эң аз инвестиция келген өлкө Кыргызстан. Ошол себептүү мен өзүм Кыргызстанга инвестиция алып келүүгө кызыкдармын.

Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы, «Акун» жабык акционердик коомунун президенти Чыныбай Турсунбековдун ырасташынча, түркиялык инвестицияны арбын тартуу үчүн биртоп иштерди жасаш керек.

- Кыргызстанга жакынкы эки жыл ичинде түрк ишкерлери менен биргелешип жок дегенде беш-алты жаңы завод-фабрикалардын курулушуна жардам берсекпи деген тилекте турабыз.

Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы, түркиялык «Метиш» компаниясынын президенти Вейсел Север кыргыз-түрк «Манас» университетинин технопаркын түзүү, ага керектүү жабдууларды алып келүүгө куштар экенин маалым кылды. Келечек муунга эмитен шарт түзүү, аларга терең билим берүү үчүн жогорку окуу жайына колдон келген колдоону көрсөтүш керек, деп билдирди.

- Бул балдардын келечеги. Аны жасаш баарыбыздын, улуу муундун милдети. Бул технопарк «Манас» университетинде курулуп калса келечекке карата чоң кадам жасалган болор эле. Мен бул иште сиздерге жардамчы болоюн.

Сентябрь айында Кыргызстандын президентинин Түркияга расмий иш сапары башталат. Эмдиги жылдын март айында түркиялык ири ишкерлер тобу Кыргызстандын инвестициялык шарты менен таанышуу үчүн келишет. Эки иш-чара тең эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда өтөт. Кыргызстандык ишкерлер бирлиги кайсы тармакка канча инвестиция керектигин аныктап, кеңири маалыматты түркиялык ишкерлерге сунуш кылышууда.

XS
SM
MD
LG