Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен 11-июлда өткөн жолугушууда Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысынын Азия жана Тынч океан аймагындагы ВИЧ/СПИД маселелери боюнча атайын өкүлү Нафис Садык КМШ өлкөлөрүндө бул оору күч алып бараткандыгын айтты. Ал СПИД оорусу боюнча алдын алуу иштери жаштар арасында көбүрөөк жүргүзүлүшү керектигин белгиледи:
"Кыргызстандын калкынын негизги бөлүгү жаштар. Ошону үчүн жаш муундун өкүлдөрүнө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Ошону менен катар, эмгек мигранттарынын абалын да унутпашыбыз керек. Анткени,Кыргызстанда чет жакка жумуш издегени кеткендердин саны көп. Бул жерде эң башкы көйгөй, эмгек мигранттарында бул ооруу тууралуу маалыматтын аздыгы. Алар башка жерге барып бул маселе боюнча кимге кайрылаарын билишпейт. Мына ушул жагдайда бул оору тууралуу маалыматты элге жеткирүүдө жарандык коомдун жана бейөкмөт уюмдардын ролу зор",-деди Нафис Садык.
Жолугушууга катышкан “Ранар”, “Социум”, “Оазис” аттуу бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстанда ВИЧ/СПИДке чалдыкандардын абалы, бул илдетке каршы күрөшүүдө кандай аракеттер көрүлүп жаткандыгына токтолушту. “Социум” уюмунун жетекчиси Батма Эстебесова ВИЧ/СПИДдин таралышына каршы күрөшүүдө тоскоолдуктардын бири - өлкөдө ВИЧке чалдыккандардын укуктарын коргоо боюнча укуктук базанын жоктугу деп билдирди.
Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда учурда ВИЧ/СПИД менен ооруйт деп ырасмий түрдө 962 адам катталган. Ал эми бейрасмий маалыматтарга таянсак, бул ооруга чалдыккандардын саны төрт жарым миңден ашат. Жалпы катталгандардын 80 пайызы ВИЧти маңзаттарды колдонгон учурда ийне аркылуу жугузгандар.
Мындан тышкары жаза өтөө мекемелеринде ВИЧ оорусуна чалдыккандардын саны акыркы 5 жыл аралыгында эле 63, 5 пайызга жогорулаганы айтылды. Ырасмий маалыматтар боюнча, учурда жаза өтөө мекемелеринде ВИЧ оорусу менен 131 адам ооруп, каттоодо турат.
Кыргызстан СПИДке каршы күрөшүүдө бир катар документтерге кол коюп келген. Бирок алардын көпчүлүгү кагаз жүзүндө гана калып, ишке ишпай келатат, дейт “Адилет” укуктук клиникасынын башчысы Чынара Жакупова: "Бизде башкы маселе- мыйзамдын өзүндө эмес, аны аткарууда болуп жатпайбы. Эң башкы куралыбыз- ВИЧке чалдыккандарга акысыз жана жогорку деңгээлде сабаттуу юридикалык кеңеш берүү болуп саналат. Мына,Кыргызстан кандай гана документерге кол койгон жок. Алар аткрылбай келатпайбы", -дейт Чынара Жакупова.
Кыргызстанда ВИЧ/СПИД оорусуна чалдыккандардын арасында өзүн ачык жарыялагандар жокко эсе. Мындай жагдай коомдун ушундай адамдарга карата жасаган мамилесинен, көз карашынан улам болууда. Саламаттык сактоо министри Шайлообек Ниязов ВИЧке чалдыкандардын укугун коом өзү басмырлап жатат деп, “Азаттыкка” берген интервьюсунда айтты:
"СПИД оорусу сүйлөшкөндө, жакын турганда жукпайт. Ошондуктан, коомдо ушундай адамдарга мамилеси дени сак адмдарга жасагандай мамиле болушу керек. Биз “СПИД”жөнүндө мыйзам кабыл алганбыз. Ал жерде “СПИДке, же болбосо ВИЧке чалдыккандардын укугун басмырлоого эч кимдин укугу жок”деп жазылып турат", -деди Шайлообек Ниязов.
ВИЧ-СПИДке каршы күрөшүү боюнча Декларация 2001-жылы июнда Бириккен улуттар уюмунун атайын сессиясында 189 мүчө-өлкө тарабынан кабыл алынган.