Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Жаштар президенттик шайлоого талапкер 25 жаштан баштап катышсын деп талап кылышууда


БИШКЕК. Жаштардын жарандык кыймылы президенттикке талапкердин жаш курагын 35 жаштан 25 жашка кичирейтүү, Конституциялык Сотту күчүндө калтыруу, парламенттин үчтөн экисин партиялык тизме менен шайлоо өңдүү беш сунушту Конституциянын иштелип чыккан жаңы үч долбооруна киргизүү боюнча кол топтоого кечээ киришти. Мындан тышкары бийликтин, жумушчу топтун өкүлдөрү менен жолугушуу болжолдонууда. «Эркин муун», «Кел-кел», «Данакер» өңдүү жаштар, студенттер кыймылдарынын лидерлери башында турган бул аракеттер «Жаштар жана Конституциялык реформа» демилгесинин алкагында жүрөт.

XS
SM
MD
LG