Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

«КАРЫЗДЫН ОРДУНА АВТОБУСУҢАРДЫ БЕРГИЛЕ »


Украинанын Кыргызстанга карызы 29 миллион доллар акчаны түзөт. Азырынча бул маселени чечүүгө украин өкмөтүнүн көңүлү чаппай турат.

Украина парламентинде жаңы өкмөт түзүү демилгеси ишке ашалбай, кыйладан бери аткаруу бийлиги арсар абалда туру. Ошол себептүүбү, Кыргызстандын экономика жана каржы министринин Украинанын карызын кантип жоюунун жолдорун издөө тууралуу катына расмий Киев эки жарым айдан кийин араң жооп берди. Себеби белгилүү, украин парламентинде өкмөт түзүү талашы ушунча убактан бери токтолбой келатат.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрага орунбасары Кубанычбек Исабековдун айтуусунда, бул парламенттик башкаруунун натыйжасы.

- Эми ал жерде үч айдан бери бийликтин кризиси болуп жатат. Чындыгында парламенттик бийликтин эң жаман жагы ошентип көрүнүп калды да.

Кубанычбек Исабеков иш сапары менен Киевде болгон учурунда Украинанын биртоп расмий жетекчилери менен жолугушкан. Ортодогу экономикалык алака-катыштын түйүндүү маселелеринин бири – Украинанын Кыргызстанга карызы жайында кыйла кеп-сөздөр болгонун вице-спикер да ырастады.

Украинанын Кыргызстанга карызы 1997-жылы Киевде кол коюлган өкмөттөр ортосундагы келишимде тастыкталган. А кездеги кыргыз өкмөтүнүн башчысы Апас Жумагулов менен украин өкмөтүнүн жетекчиси Павел Лазаренко кол койгон расмий документ кыйла жыл унутта калып, Николай Танаев тушунда бир козголгону бар.

- Анан алар чарбалык субъекттер өздөрү эсептешип алышсын дейт. Мен айттым: «Келишимге Улуттук банктын а кездеги төрагасы, азыркы президентиңер кол койгон. Ошол кишинин кадыр-баркынан да ушул маселе өйдөбү?» Анан А.Жумагулов кол койгонун уккам. Москвага учуп келгенден кийин мен а кишиге жолуктум. А киши чын эле 1997-жылы апрелде 18 киши Киевге барып кол койгонун айтты,- дейт Кубанычбек Исабеков.

Арада бийлик алмашып, жаңы өкмөттүн бул маселени козгошко буямасы келе элек. Украин өкмөтү карыз акчанын кайгайына караганда эртеңкисине көбүрөөк кабатыр болуп, арасат абалда туру.

Союз ыдырап, эгемен өлкөлөр өз алдынчалыкка чыгып, бирок да ортодогу экономикалык байланыштар үзүл-кесил иштеп турган чакта чогулган карыздарды Кыргызстан ушу тапта Орусия баш болгон биртоп постсоветтик өлкөлөргө төлөө милдетин алган. Украинанын карызы да ошол кезде чогулган. Бирок да Украина Орусия, Өзбекстан, Түркмөнстан алдында карыз экенине макул болуп, Кыргызстанга келгенде бул чарбалык субъекттердин маселеси дегенге өтүүдө.

Кыргызстандын Экономика жана каржы министрлигинин Тышкы карыздар башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Абдуразаковдун айтуусунда, Украина карызды тактоо тууралуу актка кол коюп, бирок да 29 миллион доллар акчаны Украинанын Кыргызстанга карызы дегенди тааныгысы келбейт.

- Алар бу чарбалык субъектетердин карызы дейт. Аны ишканалар өздөрү төлөшү керек дешет, - деп малымдады Э.Абдуразаков.

К.Исабеков карыз акчаны украиндер автобус, троллейбус же генераторлордун эсебинен жаап койсо деле дурус болмок дейт.

- Мен айтып атам, президентке, премьерге барганда да айтайын, ал карызыңарды төлөй албасаңар мына шаардык автобусуңар, Львов автозаводдун момундай сонун автобустары Киевдин ичинде жүрөт.Троллейбустарды, энергетикалык роторлорду чыгарып жатат. Ошолорду берсин. Бизге шаарларга, облустук борборлорго ошол троллейбустар, автобустар жүрсө сонун эле болмок.

XS
SM
MD
LG