Израиль Ливандын аймагына болгон чабуулун улантууда. Бүгүн таңга маал Израиль Бейрут менен Дамасктын ортосундагы жерлерге жаңы аба соккуларын жаадырды. “Азаттыктын” кабарчысынын маалыматтары боюнча Ливанда эки күндөн бери 50дөн ашуун адам набыт болду. Буга чейин “Хезболланын” Израильдин бир нече шаарларына ракета соккуларынан эки жөөт мерт болуп, токсон экиси жараат алган.