Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

М. Субанов ШКУнун антитеррордук борборун жетектейт


Бүгүн Ысыккөлдө Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррордук борборунун жыйыны башталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Жыйында антитеррордук борбордун аткаруу комитетинин төрагалыгына Мырзакан Субановдун талапкерлиги жактырылды. Эгерде Субановдун талапкерлигин Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчылары бекитсе, ал келерки жылдан баштап төрагалык кызматка киришет. Учурда төрагалыкты Өзбекстан өкүлү аткарып келатат.

XS
SM
MD
LG