14-июлда Жалалабадда Улуттук коопсуздук кызматы өткөргөн атайын операциянын натыйжасында Өзбекстан ислам кыймылынын куралдуу беш мүчөсү өлтүрүлдү. Операцияны Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Бусурманкул Табалдиев жетектеди жана ал ийгиликтүү аяктады, деп белгиледи Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Ойталбек Осмонов. Операция учурунда Улуттук коопсуздук кызматынын айрым жоокерлери жеңил жарадар болгон. Маалыматка караганда, жок кылынган топтун Ташкентте жана Бишкектеги "Оберон" базарында, Ошто террордук жардырууларга тиешеси болгон.