Карабалта тоо-кен комбинатынын 72,28 пайызы мамлекетке таандык болуп келген. Анын акцияларын менчиктештирүүгө тендер жарыялап, чет элдик инвесторлорду тартууга өкмөт башчысы жоопкерчиликти өзүнө аларын айтты:
-Мисалы, мен жоопкерчиликти өзүмө алууга даярмын. Карабалта тоо кен комбинатына тендердин шартын Жогорку Кеңештин комитети жактырса, тендерге коюлат деген парламенттин чечими бар.
Феликс Куловдун маалыматына караганда, жакында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бир тууган кыргыз элине жардам берүү максатында “Казакатомго” Карабалта тоо кен комбинатын жандандырууну, ар тараптуу жардам берүүнү тапшырган экен. Болбосо Казакстандын өзүлөрүнүн тоо-кен комбинаттары толук кандуу иштебегенден кийин, алар Карабалта тоо кен комбинатына кызыкдар деле эмес. “Кечиктирбей мына ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланыш керек”,-дейт Кулов.
Карабалта тоо-кен комбинатынын жетекчиси Нарынбек Кожоматовдун айтымында, аталган комбинаттын мамлекеттик акцияларын менчиктештирүүгө тез арада тендер жарыялабаса ишкананын жабылып калуу коркунучу бар.
-Бүгүн комбинат абдан оор абалда турат. Ошого карабай эптеп кармап турабыз. Эң кейиштүүсү комбинат толук кандуу иштебегенден кийин жогорку квалификациялуу адисттер Казакстан, Россияга кетип атышат. Ошого карабай комбинатты сактап калууга мүмкүнчүлүк бар.
Маалыматка караганда Карабалта тоо кен комбинаты өткөн кылымдын 50-жылынан баштап 60-жылдын аягына чейин Миңкуш, Каджы сай кендеринен казылып алынган кендерди иштетип келген. 70- жылдан баштап Балхаш, Курдай кендеринен алынган продукцияларды иштеткен. Казакстандын үч кенинин таасири менен 2004-жылга чейин туруктуу иштеп келсе, учурда Казакстан кен берүүнү токтоткон.
Карабалта тоокен комбинатынын мурдагы жетекчиси Жалгап Казакбаев аталган комбинатты мындан беш алты жыл мурда эле менчикке өткөрүү керек эле деген пикирде.
-Комбинатты кечиктирип менчиктештирүүдө. Мындан беш-алты жыл мурда эле тендер жарыялап, чет өлкөлүк компанияларга сатыш керек болчу. Бизде уран жок болгондон кийин, комбинатты толук иштетүүгө мүмкүнчүлүк жок.
Жалгап Казакбаев белгилегендей, Карабалта тоо-кен комбинаты чет элдик компаниялардын колуна өтсө миңдеген адамдар жумуш менен камсыз болуп, бюджетке да киреше кирет. Ал эми экс-депутат Орозбек Дүйшеев болсо аталган комбинат чет элдик компанияларга сатылып ишке киришсе Кыргызстандагы уран калдыктарын иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгиледи.
Айлана чөйрөнү коргоо коомунун жетекчиси Владимир Ванин Карабалта тоо-кен комбинатын кайсы компания алса дагы экология маселесин колго алып, модернизациялоо иштерине өкмөт көзөмөл кылышы керек деген пикирде. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик тарабынан Карабалтанын айлана чөйрөсүнө, жаратылышына комбинат кандай таасир тийгизгени эске алынбай келүүдө.
Премьер-министр Феликс Кулов 17-июлда Карабалта тоо-кен комбинатынын мамлекеттик акцияларын менчиктештирүүгө тендер жарыялоону тиешелүү кызматтарга тапшырды.