Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

ОШТО МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ЭЛДИН ИШЕНИМИ ТӨМӨН


Ош облусунда укук коргоо органдарына карата калктын ишениминин эң төмөнкү деңгээли аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү “Эдвокаси” адам укугу боюнча долбоордун изилдөөсү жарыяланды. Жергиликтүү ички иштер органдарынын жетекчилери болсо аталган изилдөөнүн көрсөткүчтөрү менен макул эмес экендиктерин билдиришти.

"Эдвокаси" укук коргоо уюмунун изилдөөсүнө караганда аймактагы калктын 64 пайызга жакыны укук коргоо органдарына ишенбөөчүлүгүн билдирген. 60 пайызга жакыны тартип коргоо кызматкерлеринин мыйзамсыз кармоосунан, камоосунан жана башка терс аракеттеринен жабырлангамын деп эсептейт. Суралгандардын жооптору боюнча негизсиз кармоолор менен камоолор 63 пайызды түзгөн.

Кызыл шапкечендер арасында өтө көп кездешкен мыйзам бузуулар катары респонденттер кармоонун жана камоонун себептерин түшүндүрбөгөндүктөрүн, кармоо мөөнөтүн бузушкандыгын жана сурак учурунда күч колдонушкандыгын айтышкан:

- 64 пайыз респонденттер милициянын ишине ишенбейт экен. Бул иликтөөнүн жыйынтыгы. Негизинен 504 респондент болсо, анын ичинен 101 адам милиция менен мамиле түзгөн, өзүнүн тажрыйбасынан билет - деди "Эдвокаси" укук коргоо уюмунун жетекчиси Жеңиш Тороев.

Анткен менен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары Урайым Ташиев болсо милициянын өзгөчө ордун белгилеп, бей өкмөт уюм тарабынан жарыяланган көрсөткүчтөр менен макул эмес экендиктерин билдирди:

- Алар кандай мониторинг жүргүзүп, баалашты мен аны жакшы билбейт экемин. Бирок, кандай гана жагдай болбосун ар бир саясий окуя болобу, башка окуяларга милиция кийлигишпеген иш жок. Март окуясында да шаарды сактап калууда милициялардын ролу абдан чоң болду.

Ош шаарынын көчөлөрүндө жүргүзүлгөн сурамжылоодо карапайым калктын айрым бир өкүлдөрү, милиция сиздин коопсуздугуңузду канчалык деңгээлде коргойт, деген суроого мындайча жоопторун узатышты:

- Колуңда акчаң болсо коргойт, колуңда болбосо эмнени коргойт. Кайсы жерде болбосун тыйын сурайт, ал эми тыйыны жок бизге окшогон адамдарга эч нерсе жок.

- Бизди коргойт. Бирок арасында коррупцияга берилип кеткендер да бар.

Укук коргоо органдарынын иштеринин жыйынтыгын изилдөө боюнча бей өкмөт уюмдун жетекчиси Жеңиш Тороев болсо милиция кызматкерлерин мыйзам бузууга түрткөн системаны тез арада реформалоо зарылдыгын сунуштады:

- Милициянын кызматкерлерин мыйзамды бузууга система түрткү болуп атат. Мисалы, ачылбаган кылмыш милициянын мойнуна илинет экен. Бул жаман иш деген көрсөткүч экен. Ошондуктан ачылбаган кылмышты башка адамдарга илип койгон учурлар көп кездешет.

Кубанычбек Жолдошев, Ош

XS
SM
MD
LG