-Ысыккөл облусундагы адам укуктары, менчикке жер үлүштөрүн бөлүштүрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышы, көл жээгинен Казакстанга берилген төрт пансионаттын айланасындагы проблемалар тууралуу иликтөө иштери жүрүзүлүүдө,- деп билдирди “Жарандык коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюумунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова. Анын айтымында, айрым пансионаттар жогорку бийликтегилердин кийлигишүүсү менен чет элдик компанияларга сатылып кетүү коркунучу бар. Иликтөөнүн жыйынтыгы шейшемби күнү маалымат жыйынында коомчулукка жарыяланат.