Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮНҮН ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ


Кыргызстан өкмөтү 17-июлда эларалык донорлорго 2010-жылга чейин эсептелген өнүгүү стратегиясынын долбоорун тааныштырды. Ага ылайык 2010-жылга чейин Кыргызстанга келчү инвестициянын көлөмү 8,5 миллиард доллларга жетет. Бирок да айрым эларалык каржы уюмдарынын өкүлдөрү ага ишенбейт.

Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда 8,5 миллиард доллар инвестиция тартуу ишке аша турган мүмкүнчүлүктөрдү эсептеп чыккандан кийинки жыйынтык.

- Биздин 8,5 млрд. доллардан да көбүрөөк алабызбы деген үмүтүбүз бар. Бирок бул реалдуу көрүнүп турган долбоорлор да. Мындан катуу дагы дүңгүрөтөбүз деген эксперттер бар, экономисттер бар. Өзүңүздөр билесиздер, алар өкмөттүн арасында да бар,- дейт А.Жапаров.

Эгер өкмөттүн стратегиялык өнүгүү программасы ишке ашып кетсе 2010-жылга чейин Кыргызстандын ички дүң продуктусу 6,3%га өсүп турат. ИДПнын киши башына көлөмү азыркыдай 475 долларды түзбөй, 728 долларга көтөрүлөт. Орточо айлык акы 63 доллардан 100 долларга чыгат.

8,5 миллиард доллардын теңинен көбүн албетте, энергетика менен тоокен өнөр жайына келчү олчойгон ири инвестициялар түзөт. Анын башында «Камбарата 1 –2» ГЭСтери, андан соң «Жерүй», «Талдыбулак» алтын кендери турат. Бирок да жалаң эки тармакка гана үмүт артып, анын аркасы менен экономиканын калган тармактарын алдыга жылдыруу аракетинен майнап чыгары биртоп күмөн суроолорду жаратарын Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Крис Лавлейс билдирди.

- Менин өкмөт мүчөлөрүнө бере турган суроом, программада белгиленген жыл сайын 6,3% өнүгүүнү камсыз кылууга ички ресурстар жетиштүүбү? Быйылкы 3% өнүгүү шартында кирешенин калктын жан башына эсептей келгендеги деңгээлин көтөрүүгө багытталган 8,5 млрд. доллардын артында кандай такталбай калган эсептер жатат?

Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү Ашраф Малик программаны ишке ашыруу үчүн тышкы карыздарды жоюуга арналган Хипик демилгесин бир жаңсыл чечүү, жеке сектордун каржыланышы, коррупцияга кандай бөгөттөр коюлуп жатканына кызыкты.

- Албетте, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, ошондой эле өкмөт ички мүмкүнчүлүктөрдү жакшылап карап чыгышы зарыл,- деп айтты Ашраф Малик.

Жарандык коом менен азыркы бийлик каршылаштарынын бүйрүн кызыткан тышкы карыздарды жоюунун Хипик демилгесине кошулуу же кошулбоо маселесин өкмөт азырынча так чече электигин премьер-министр Ф.Кулов ырастады.

- Бул маселе, мен ачык эле айтайын, биз үчүн абдан оор. Көпчүлүк, айрыкча бейөкмөт уюмдар, саясий партиялардын басымдуу бөлүгү Хипик программасына киришибизге каршы болушууда. Коомдук маанай өкмөткө да таасирин тийгизүүдө. Анткен менен өкмөт элге жакпаган ишти жасоого деле макул, эгер өкмөт карыз жүгүн жеңилдетерине ынанса, элге жакпаганына карабастан, өкмөттү кызматтан кетиришине да карабастан, бул ишке барат. Бизге пайдалуу болсо киребиз, пайдасыз болсо кирбейбиз, деген позицияны карманабыз.

Өкмөттүн стратегиялык программасын ишке ашыруу үчүн биртоп мыйзамдык негиз, каржылык колдоо, адам ресурсу зарыл. Ф.Кулов менчиктештирүүнүн жаңы этабына киришүү, инвестицияга жагымдуу шарт түзүү үчүн өкмөт парламентти ынандыруу аракетин жасай тургандыгын маалым кылды.

XS
SM
MD
LG