Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:33

СОҢКӨЛДӨГҮ ТОЙДОН ТООЛУК ЭЛДИН ТАБААРЫ ЭМНЕ ?


28-июлда Соңкөл жайлоосунда көчмө маданияттын көргөзмөсүн өткөрүүгө, жергиликтүү элдин айтымында, көп чыгымды талап кылган тойго камынгандай камылга көрүлүүдө. Облустук бийлик өкүлдөрү өз кезегинде анын той эмес, тоолуу аймакка туристтерди кызыктырып тартуу максатында өткөрүлүп аткан маданий фестиваль экендигин белгилешүүдө.

Соңкөлдө өтө турган иш-чараны ар ким ар кандай түшүндүрүүдө. Маселен, Атбашылык айым Айгүлдүн айтымында баары мурдагы боло жүргөн сценарий менен башталды.Облустук бийликтен буйрук келди. Айыл өкмөтү аны алары менен аттуу-баштуу дегендерин чогултуп шашылыш жыйын өткөрдү. Мыкты деген боз үйдү ички жасалгасы менен табуу милдети коюлду.

Адатта боз үйдүн ички жасалгасы: тактага жыйылган аялуу жууркан-төшөнчүлөрдөн башка дагы өтө эле кымбат баалуу - атап айтканда аюунун талпагынан, карышкырдын, илбирстин же түлкүнүн керегеге илинген терисинен тураары айтпаса да белгилүү. Мындан сырткары союш маселеси. Ошол эле Айгүлдүн айтканына ишенсек ар бир боз үй бирден жылкы, үчтөн кой сойуусу керек. Мындан тышкары меймандарга чай куюп туруу үчүн өңдүү-түстүү, бою 1метр 70 сантиметрден кем болбогон кыз-келиндер болушу зарыл.

Ак үйдүн тапшырмасын кыйшайуусуз аткарып көнгөн айыл өкмөттөрү азыркы күндө башка бардык иштерин таштап коюп жалаң ушул Соңкөлдүн “сонуну” менен чапкылап жүрөт дешет...

Бирок, Соңкөлдө өтө турган бул иш-чара деги эле той эмес экендигин, бул деген Кыргызстандын тоолуу шартында биринчи жолу өткөрүлүп аткан эларалык фестиваль экендигин, анын максаты- алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келе турган меймандарга кыргыз элинин үрп-адат, каада-салттарын көргөзүү, соода-сатык иштерин жүргүзүү, тоолуктарды рынок шартына үйрөтүү, чет элдик өкүлдөр менен ишкерлик алака-катыштарды түзүү, демек мына ушундай жол менен Кыргызстандын тоолуу аймактарына, айтылуу жайлоолоруна, көз жоосун алган кооз жерлерине туризмдин “азбукасын” кийирүү экендигин “Азаттыктын” кабарчысына берген маегинде Нарын облус губернаторунун орунбасары Салтанат Эсенаманова билдирди.

Ошентип 28-июлдан 30-июлга чейин созула турган эларалык фестиваль бийликтегилердин айтымында тоолуу райондордогу туризмдин башаты болуп калат. Кыргыздардын ак көрпө жайыл меймандостугу менен каада-салтын көрүүгө Россия, Франция, Пакистан,Украина жана башка өлкөлөрдөн меймандар келери күтүлүүдө, ошондой эле чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү, ишкерлер, өкмөттүк эмес уюмдар чакырылган.

XS
SM
MD
LG